«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас облустук сотунда иш кагаздарды жүргүзүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча семинар өткөрүлдү

27 Июнь 2017 жыл 10:57
Көрүүлөрдүн саны: 30

2017-жылдын 16-июнунда Талас облустук сотунда «Жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлери үчүн иш кагаздарды жүргүзүүнүн сапатын жакшыртуу» деген темада семинар өткөрүлдү.

Бул семинар Кыргыз Республикасынын сот тутумун реформалоодогу милдеттерин жүзөгө ашырууга багытталган.

Семинардын ишине Талас облусунун жергиликтүү сотторунун аппаратынын 22 кызматкери катышты.

Иш-чара Талас облустук сотунун демилгеси менен өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө Талас облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Жамангулов Ж.Ж., Токтосун уулу К., судья Султаналиева А.К. иш кагаздарды туура жүргүзүү жана процессуалдык документтерди туура толтуруу учурларына кеңири токтошту.

Иш-чаранын максаты — соттордун аппарат кызматкерлери судьялар сыяктуу эле, соттордун ишинин ачык-айкындуулугун ишке ашырууда чоң салымын кошорун, ал өз учурунда иш кагаздарды жүргүзүүдө нускамалардын так аткарылышы жана сакталышы менен байланыштуу экендигин түшүндүрүү.

Мындан тышкары, семинардын катышуучулары иш кагаздарды жүргүзүүнүн практикасы менен байланышкан оорчундуу маселелерди судьялар жана кесиптештер менен деталдуу талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармылыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Кожокулова А.А. — ар бир аппарат кызматкери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жана жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин этикасы жөнүндө Кодексин жана «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бекем сактап, так аткаруусу зарыл экендигин түшүндүрүп кетти.

Талас облустук сотунун басма-сөз кызматы