Талас Мамлекеттик Университетинин Табия таануу жана педагогика факультетинин 4-курстардын студенттери үчүн бүтүрүү кечеси болду.Кечеде баардык бутурүүчү курстардын студенттерин факультеттин деканы жана кафедра башчылары кызуу куттуктап, аларга ийгиликтерди каалап, келечекте мыкты адисттерден болушун жана факультет менен тыгыз байланышта болгула деп баса белгилеп кетишти.
Факультеттин деканы Мырзабекова Укен Жаныбердиевна мыкты адистерди даярдоого аракет жасадык,быйыл 56 студен окуу жайыбызды ийгиликтүү бүтүп жатат,алардын арасынын мыкты студенттер дагы бар,эми кийинки муундарыбыздагы булардай активист,мыкты студенттер келишине ишенебиз деп сөзүн жыйынтыктады.
Бул аземге бүтүрүүчүлөрдү куттуктоо үчүн профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер келишти. Коштошуу аземинде бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, студенттер чакан концерттик программасын тартуулады.Факультеттин мыкты студенттери грамоталар жана чакан белектер менен сыйланды.
Илим, билим, акыл адам баласына ыйгарылган өзгөчө бир дөөлөт эмеспи.Билим алсаң, урмат-сый алып келет,Билим сага акыл-ой, кубат берет демекчи билим адам үчүн соолбос булак жана бакыт ачкычы экени кылымдардан бери айтылып келе жаткан талашсыз чындык деп эн барктуу,ошол эле учурда кыйын коптогон эмгекти талап кылган мугалимдик кесиптин ээси болуп турган бүтүрүүчүлөрүбүз мугалимдерге терең ыраазычылык билдиришти.
Биология адистигинин бүтүрүүчүсү Исламбеков Азамат
Салтка айланган кичүү курстар бүтүрүчүү курстарды узатып,силер дагы бизди тосуп алдынар эле эми мына жылдар жылып,айлар айланып келип биз силерди узатуудабыз деп куттуктоо сөздөрүн айтышып бүтүрүчүүлөргө белектерин тапшырышты.
Артыкчылык диплом менен буткөн бүтүрүүчүлөр
Толкундануусун жашырбаган бүтүрүүчү Б-1-13 тайпасынын куратору Венера Абдырахманова 4 жыл бою өз балам,кызымдай болуп калды эле деп бүтүрүүчүлөрүнө ак жол каалады.
Даярдаган: Рахат Камчыбекова