«Баланын бары да азап, жогу да азап» деген сөз бекеринен келип чыкпаса керек. Бир үйдү бир эле бала базар кылып, үч көтөрүп, ата-энесинин эсин оодарып коёт. Ал эми күнүгө 30-60 баланы баккан бала бакча тарбиячысынын түйшүгүн элестетип жатсаңыз керек. Бул чыгарылышта Талас шаарынын Ак-бешик бала бакчасы тууралуу сөз кылабыз.

Ак-бешик балдар бакчасы 1990-жылдан тарта ишке кирген.Учурда 200дөн ашуун балдар тарбияланууда.

Бала-бул бакыт деп бекеринен айтылган эмес дал ушул бала бакытына чөмүлгөн Ак-бешик балдар бакчасына барып көптөгөн кичинекей балдар менен маек курдук.

Кичинекей бөбөктөрүбүз тартынбастан келечектеги максаттарын айтып беришти.

Ак Бешик балдар-бакчасынын мүдүрү Салтанат Орозалиева бала бакчанын тарыхынан тартып учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.

Ата-эненин толонуучу акысы айына 600 сомду тузот.Толонгон акы балдардын тамак-ашына жумшалат.
Даярдаган: Саадат Нуржан кызы.