«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Мамлекеттик Ала-Арча жаратылыш паркы.

20 Июнь 2017 жыл 12:50
Көрүүлөрдүн саны: 86

Шаардын мээ чарчаткан ызы-чуусунан арылып, ажайып кооз  жерге жетип барганга эмне жетсин. Бүгүнкү күнү Ала-Арча жашообуздун айрып алгыс бөлүгү сымал сезилет. Ал эми туура 40 жыл мурун Мамлекеттик Ала-Арча жаратылыш паркы деп негизделген.Бул чыгарылышта дал ушул керемет кооз жаратылыш паркынын тарыхына,учурдагы абалына токтолобуз.

      Ala-Archa-atajyn-chygarylysh

Кыскача тарыхы

Ала-арча жаратылыш паркы 1976-жылы негизделген.Ала-Арча деген ат арчанын жыш жайгашкандыгынан келип чыккан.Ала-Арча жаратылышка бай келгендиктен жана Бишкек шаарына жакын жайгашкандыктан парк катары тандалып алынган.

 

Аларча улуттук табият паркы-мамлекет тарабынан коргоого алынган аймак, улуттук парк. Кыргыз Ала-Тоосунун эң бийик борбордук бөлүгүнөн башталып, түн  тарапты карай созулуп жаткан Аларча капчыгайын ээлейт. Бишкек шаарынан 35 км түштүк тарапта. Аянты 19,4 миң га. Деңиз деңгээли 1600–4200 м бийиктикте; орточо бийиктиги 3300 м.

Аларча жанаша жаткан капчыгайлардан табигый шарты башкача бир топ айырмаланат.Кыргыз Ала-Тоосунун негизги кыркасынан ажырап, түндүктү карай жапыздап, чыгышынан Аламүдүн, батышынан Жыламыш капчыгайларынан бөлүнүп турат.

Керемет кооз жаратылыш паркында 37 жыл бою үзүрлүү эмгектенип келген Алкан Нурканович бизге Мамлекеттик Ала-Арча жаратылыш паркынын кыскача тарыхына токтолуп,парктагы өзгөрүүлөрдү айтып жана учурдагы абалы менен тааныштырды.

Паркта канаттуулардын 161 түрү,сут эмүүчүлөрдүн 30,амфибиянын жана омурткасыздардын 5,курт-кумурскалардын 4 жана балыктын 1 түрү бар.

Өсүмдүктөрү да башка капчыгайлардан өзгөчөлөнөт. Аларчадагы тяньшань карагайы коңшулаш капчыгайларда кездешпейт, ошондуктан ал коргоого алынган.Өсүмдүктөрдүн 600дөн ашуун   түрү бар.Алардын эң белгилүүлөрү Кызыл жана ак мандалак,суукчул ,бото көз.

Айбанаттары: тоо эчки, илбирс, түлкү, карышкыр, элик ж. б.; канаттуулары: кекилик, чил, улар, көгүчкөн, бактек ж. б. Коргоого алынгандан кийин мурда жоголуп бараткан сүт эмүүчүлөр кайра коё берилген.Учурда  токойду калыбына келтирүү максатында карагай, арчалардын көчөттөрү отургузулууда.

Паркта үч негизги дарыя бар,алардын ичинен эң ириси Ала-Арча дарыясы жана анын Ак-Сай жана Адыгине деген куймалары болуп эсептелинет.Алыскы жана коңшу өлкөлөрдөн эс алууга келген меймандарыбыздын ой пикирлерин угуп көрдүк.

Ала-Арча төрт негизги зонага бөлүнөт.

Эс алуу зонасы,жаныбарларды тоюттандыруу жана аларга көз салуу зонасы,спорт-альпинизм жана калыбына келтирүү зонасы.

Эс алуу зонасы  эс алуучуларга коопсуз жана жаратылыш кучагында эс алуу үчүн шарт түзөт.

Тоюттандыруу жана жаныбарларга көз салуу зонасынын максаты жаныбарларды адамдын терс таасиринен алыс сактоо.

Спорт альпинизм зонасы тоого чыгуу көнүгүүлөрүн өткөзө турган зона.Бул зонада Советтер союзунун учурунда белгилүү болгон чокулар дагы  бар.

Калыбына келтируу зонасында жаныбарлар коргоого алынган,ошого байланыштуу адамдардын терс таасиринен коргоо максатында меймандар киргенге тыйуу салынган.

Мамлекеттик Ала-арча жаратылыш паркына келип окуу-талаа практикасын өтөп жүргөн студенттер бул жерге жетекчилерибиз менен келип кызыл китепке кирген жаныбарларды зоологиялык музейден көрүп жаратылыш паркынын кооздугуна суктанып турабыз деп  ой пикирин үчүнчү курсттун студенти Перизат Асымбаева билдирди.

Паркта  туристтик агенттиктер профессионалдуу даярдалган адистердин жардамы менен ар кандай  саякаттарды уюштурушат, экскурсияларды орус, кыргыз, англис ж.б.чет тилдеринде өткөрүшөт.

Даярдаган: Рахат Камчыбекова.