Эхинококкоз — боордо, өпкөдө жана башкалар органда мителик кылуучу эхинококк личинкасы пайда кылган оору.Эхинококкоз оорусу жаныбарлардан гана жугат. Ооруганда бардык органдар жана системалар жабыркайт. Эхинококкоз оорусу көп убакытка чейин аныкталбайт жана кокусунан билиниши мүмкүн. Көп учурда бул оору ит жана мышыктан жугушу ыктымал.

Талас облусу боюнча 25 миңге жакын ит бар, алардын ичинен 6609 гана ит паспортизацияланган.
Паспортизациялоо- бул иттин атын, туулган жылын, өңү-түсун, дегельмитизациядан (дарылоодон) өткөндугүн тастыктаган маалыматтык китепче.
Махабат Чынарбековна, Талас шаарынын тургуну уйүндө мал кармагандыгынан, итит ветеренар көзөмөлдөп турат
“Эхинококкоз оорусу бул боор курту экен, ошондуктан аябай коркунучтуу. Ит көбүнчө үйдөгү балдар менен тыгыз контактта, ошондуктан балдардын коопсуздугу үчүн жаныбарды эмдеп тууру милдеттүү түрдөө болуш керек. Биздин итибизди ветеренар келип квартал сайын курттан дары берип, жана вакцина салып кетет. Кызматына 10 сом төлөп беребиз. Дарылары болсо бекер”
Талас облусунун ар бир айылында өз ветеренары бар. Үй жаныбарларын эмдөөдө дары дармектери бекер берилип, ветеренардын кызматына акы төлөнөт.
Каныбек Алыбаев, Талас шаарынын жеке менчик ветеренары, ар бир үйгө кирип бул оору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт
“Бул оору ит жана мышыктын заңынан да жугушу мүмкүн. Ошондуктан ар бир үйгө кирип үй жаныбарларын эмдөөгө аракет кылабыз. Бирок кээде жаныбарлардын ээлери макулдугун беришпей койгон да учурлар кездешет.”

Эхинококкоздун жумурткалары тышкы чөйрөгө абдан туруктуу. Алар кургантканда 12 күнгө , 10°-26°С чейин жашайт. Оорунун алдын алуу үчүн үй жаныбарларды багууда ветеринариялык эрежелерди туура сактап, өздүк гигиенага көңүл буруу керек. Ылаңдаган малдын боорун, өпкөсүн итке бербей, жерге терең көөмп салуу сунуш кылынат.
https://www.youtube.com/watch?v=P8WioaS45ZQ
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова