«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Студенттердин окуу-талаа практикасы Мамлекеттик Ала-Арча жаратылыш паркында өттү.

18 Июнь 2017 жыл 12:06
Көрүүлөрдүн саны: 212

15-июнь күнү, Талас Малекеттик Университетинин,Табият таануу жана педагогика факультетинин ,Табият таануу кафедрасы жыл сайын өтө туруучу Окуу-талаа практикасын биология адистигинин студенттери менен Чүй облусунун,Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу айылындагы Кыргыз Мамлекеттик Ала-Арча жаратылыш паркында өткөрүштү .

      Radiosyuzhet-Okuu-talaa-praktika

Практиканы өткөрүү эки максатта каралган:

  1. Жазгы окуу-талаа практикасы – Талас облусундагы Бешташ жаратылыш паркында өткөрүлүп, студенттер өсүмдүктөрдүн вегетациясына изилдөө жүргүзүшкөн.
  2. Жайкы окуу-талаа практикасы – Чүй облусундагы Кыргыз Мамлекеттик Ала-Арча жаратылыш паркында болуп,  3 күнгө созулган. Мында студенттер Кыргызстандын фаунасы менен флорасынын көп түрдүүлүгү жана эндемиктери менен таанышты.

Жалпысынан практикага 2-3-курстун студенттери катышып, ботаника, өсүмдүктөрдүн систематикасы, омурткалуулардын жана омурткасыздардын зоологиясы предметтери боюнча теориялык билимдерин практика менен айкалыштырышты.

Талас Мамлекеттик Университетинин ага окутуучусу Жышан Сагынбеков агайдын айтымында практиканын алгачкы күндөрү аба ырайы бир аз тоскоолдук жаратканына карабастан керектүү бир топ материалдарды чогултканы жетиштик деп билдирди.

Мындан тышкары 37 жыл бою үзүрлүү эмгектенип келген Алкан Нурканович студенттерге Мамлекеттик Ала-арча жаратылыш паркынын кыскача тарыхына токтолуп,паркта жүрүү эрежелери менен тааныштырып өттү.

Студенттер Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер,Кыргыз Республикасынын улуттук академиясынын корреспондент-мүчөсу,профессор Сапаш Касиев атындагы Зоологиялык музейинде болуп  жана Бишкек шаарынын тарыхый,маданий,архитектуралык эстелиги болуп саналган Дендрарий ботаникалык багы менен  таанышышты дейт Табият таануу кафедрасынын окутуучусу  Венера Абдырахманова.

Биология  адистерин даярдоодо окуу-талаа практикасынын ролу чоң. Практикада студенттер окуу процессинде алган билимдерин талаада толуктап, материалдарды топтоп, курстук жана дипломдук иштерди жазышат.

 Даярдаган: Рахат Камчыбекова