«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас: Өрт кызматы 91 жылдык маарекесин өткөрдү

16 Июнь 2017 жыл 10:42
Көрүүлөрдүн саны: 82

2017 жылдын 15 июн күнү Талас облусунун өрткө каршы мамлекеттик кызматы 91 жылдык маарекесин салтанаттуу түрдө А.Огонбаев атындагы музыкалык мектепте өткөздү. Маарекеге өрткө каршы мамлекеттик кызматынын кызматкерлери, ардагерлери жана жергиликтүү бийлик башчылары катышышты.

Кыргыз Руспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Талас облусунун ыйгарым укутуу өкүлү  Кенекеев Дайыр Атагулович кутуктоо сөздөрүндө, өрткө каршы мамлекеттик кызматы керектүү жана маанилүү кесип экенин белгилеп кетти.

Кутуктоо сөздөрү менен Талас шаарынын өрткө каршы кызматынын башчысы полковник Курманалиев Аманбай Калматович коллегаларына кайрылып, иштерине албан ийгиликтерди каалап кетти.

Кыргызстанда бир суткада орточо эсеп менен 20га жакын өрт кырсыгы катталып турат. Айрыкча тилсиз жоонун тутанышына мас болуп алып тамеки чегүү, электр техникасын туура эмес колдонуу, жаңы салынган үйлөрдүн меш, морлору талапка жооп бербегени себеп болуп жатканын адистер айтып келет.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова