«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Гүл-жаратылыштын белеги!

15 Июнь 2017 жыл 11:58
Көрүүлөрдүн саны: 157

Айрымдар кооздук үчүн, айрымдар дарылык үчүн, дагы бирөөлөр бизнес үчүн гүл өстүрсө,  бул ишти хобби катары көргөндөр да бар. Баарынан  аялзатынын жан дүйнөсүнө жакыны кооздук болсо керек. Айрыкча, гүлдөр биздин жашообузга, ден соолугубузга жана маанайыбызга абдан жакшы таасир тийгизерин көпчүлүк учурда байкабайбыз. Гулдөр жаратылышы менен үй жана бакча гүлдөрү болуп бөлүнөт. Ар бир гүлгө өзгөчө кам көөрүү керек. Айнура Муктарбековна, 4 жылдан бери гүл өстүрүп, гүлдөр менен сырдашып келген. Бүгүнкү маегибизде бакча гүлдөргө туура кам көөрүү жөнүндө айтып берди.

 

Айнура Муктарбековна-«Талас Флора» уюмунун жетекчиси

“Бакча гүлдөрү экиге бөлүнөт биринчиси көп жылдык, экинчиси уругунан себиб көчүрө турган гүлдөр. Февраль айында эле уругунан себиб, өстүрүп алып кайра көчүрүш керек. Көп жылдык гүлдөр кышында жердин астында калат, аларды үстүн жылууласа, ошондо гана эрте чыгып жакшы гүлдөйт. Ар бир гүлгө кам көөрүү маанилүү, тез-тез суугарып, түптөрүн жумшартып, күндүн түз тийүүсүнөн сакташ крек. Гүлдөр назик болгондуктан, курт-кумурскалардан көп жабыркашат. Ошондуктан дарылоонуда унутпаңыздар»

Гүлдү кыз де, кызды гүл де! Анткени экөөсү назик нерсе! Табияттын бул кереметтери назиктиги, сулуулугу, жагымдуу жыты менен бири-бирине абдан окшош келет. Андыктан гүлдүн баркын аялзаты мыкты билет.

Эркайым, Талас шаарындагы “Береке-Агро” дүкөнүнүн сатуучусу. Анын айтымы боюнча бакча гүлдөргө кам-көөрүүдө жакшы дары-дармектер да бар.

“Биринчиден гүлдөрдүн топурагына кам көрүү зарыл. Жер үчүн бизде бирмиколит, дренаж, пенопласт бар. Өсүмдүктөр үчүн витаминдер болот жана ошондой эле курт-кумурсалардан эффективдүү дарылар бар”

Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда гүлдөр адамдын маанайын көтөрүп, мээдеги албууттанууну, нервтик жарылууну тынчтандырат.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбековна