«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Жайлоо бала-бакчалары

13 Июнь 2017 жыл 12:11
Көрүүлөрдүн саны: 128

2017 жылдын 13 июн айында, Талас облусу боюнча, билим берүү өкүлдөрү, айыл өкмөттөрү, жайыт коммитенттердин төрөгалары  жана коомчулук семинарга катышышты.

      Novosti-14-06-2017

Иш чаранын негизги максаты Талас облусундагы  жайыл өнүүгүү борборлорунун уюштуруу жана ата-энелерди мобилизациялоо боюнча окутуу өттү. Семинар Талас шаарында коомдук фондунун “Жарандара үнү” конференц залында өттү.  Республика боюнча 2017 жылы 100 ашык жайлоо бала бакчалары ачылат, ал эми Талас облусунда 8 бала бакча ачылмакчы. Бакчага 3 жаштан 14 жашка чейинки балдар жана жаш өспурүмдөр катыша алат. Бул бакчада ар түрдүү ийримдер өтүлөт, мисалы мастер класстар, сурөт тартуу, шахмат оюндары, китеп окуу, англис тилин үйрөнүү жана башка.

Асылбек Жоодонбеков, Жайлоо өнүгүү борборлору долбоорунун координаторынын айтуусу боюнча, жалоо бала бакчалары, балдардын келечегине чоң түрткү берет.

“Бир гана балдар менен иштебестен, биз ата-энелер менен да тыгыз иштейбиз. Балдарга кандай мамиле кылыш керек, кандай тарбия берсе туура болот, ушундай темаларга окууларды өтүп турабыз. Биздин максатыбыз ушу жайлооддогу балдарга жардам берүү, алардын жалпы өнүгүүсүнө салым кошуу”

Аба ырайына ылайктуу бала бакчаларын өз кызматын көрсөтөт. Мисалы түштүк тарапта 3 айга чейин созулушу мүмкүн, ал эми Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 1,5-2 айга чамалап барат. Бул долбоор “Жайлоо бала бакчалары” Роза Отумбаева айымдын демилгеси менен өтүп жатат.

https://www.youtube.com/watch?v=Nq_xcjrdj00

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова