2017-жылдын 13-июнь күнү Талас шарындагы, Өспүрумдөрдүн спорт мектебинде облус ичиндеги орто билим берүү мектептеринин мугалимдер арасында облустук спартакиада өттү.

Бул оюнга төрт райондон Талас району, Кара-Буура району ,Бакай-Ата району,Манас району жана Талас шаарындагы мектептердин мугалимдери ат салышты.
Калыстар тобунун мүчөсү Жаштар башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бекболот мырза иш чара тууралуу кененирээк маалымат берди.

Оюндан жеңген команда Республикалык спартакиадага жолдомо алышат.
Спартакиаданын катышуучусу “Ордо” оюнуна катышып ,жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөн Талас районун Манас-интернат лицейинин дене тарбия мугалими Баатырбек Омушев биз менен кубанычын бирге бөлүштү.

Манас-интернат лицейинин дене тарбия мугалими Баатырбек Омушев
Өтүлуп жаткан спартакиадада катышып жаткан командалар арасында күчтүүнун күчтүүсү аныкталып жыйынтыгында Талас району менен Талас шаары биргеликте биринчи орунду багындырышты.

Экинчи орунду Бакай-Ата району,үчүнчү орунду Кара-Буура,төртүнчү орунду Манас району ээлешти.
Уюштуруучунун айтымында Республикалык спартакиадага жаңы команда түзүлүп,ар бир оюндан жеңген жеңүүчүлөр жолдомо алышат деп билдирди.
Даярдаган: Рахат Камчыбекова