Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын К.Иманалиев атындагы орто мектебинде “Муундар аралык байланышты бекемдɵɵ, унутулуп бара жаткан улуттук каада-салтты жандандыруу” темасында ачык сабак ɵткɵрʏлдʏ. Бул иш чара айыл аксакалдары, энелер, актив лидерлери мугалимдердин катышуусунда ɵтʏп, жаш муундардын табиятка болгон мамилеси, айлана чɵйрɵгɵ салкын мамиледен улам, учурда кездешип жаткан терс кɵрʏнʏштɵр тууралу кызуу талкуу менен ɵттʏ.

Кара- Чий айылдык ден соолук комитетинин башчысы, айымдар кенешинин тɵрайымы Турдакунова Салика ачык сабак тууралуу тɵмɵнкʏлɵргɵ токтолду :
“Бʏгʏнкʏ муундар аралык байланыш жана кыргыздын салттарын жаш ɵсʏп келе жаткан муундарга калыптандырууда ɵтʏлгɵн иш чара эң жакшы натыйжа берди деп ойлойм.
Бул жерде мектеп окуучулары да эң жакшы активдʏʏлʏгʏн кɵрсɵттʏ, келген ата-энелер да ɵз ойлорун айтышты.”
К.Иманалиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили мугалими Исмаилова Калмира ачык сабак жогорку денгээлде ɵткɵндʏгʏн айтты:
“ Бул ачык сабакта жаштар арасында ынтымакты жана биримдикди бекемдɵɵ менен жаштарды ынтымакка чакырды жана кɵптɵгɵн окуучулар катышып жаш муундардын табиятка болгон мамилесин шыктандырды.”
Бул иш чаранын негизги максаты — салттуу маданиятты жана унутулуп бара жаткан улуттук каада-салтты кийинки муунга ɵткɵрʏп берʏʏ болду.
Даярдагандар: А.Табалдиев атындагы орто мектебинин окуучулары Аиза Жанышова ,Элина Темирбекова ,Нурай Эсенгулова.