Жайдын алгачкы ысык аптабында шаарыбыздын тургундары кандай эс алууда ,бул жонундо шаарыбыздагы «Эс алуу-сейил» паркына барып шаарыбыздын тургундарынын маанайын сурап билдик.

Балдар бош убактысын көңүлдүү өткөруп жатабы өзгөчө мектеп окуучулары эмне менен алектенип жатат.

Талас шаарында балдардын жана чоңдордун толук кандуу эс алуусу үчүн Эс алуу-сейил паркы бар.
Мындай эс алуу жайларынын башкы максаты — калкты маданий-нравалык тарбиялоо менен катар алардын табият менен болгон мамилесин жакшыртуу жана ага канааттандыруу болуп саналат.


Көп жылдык бактардын көлөкөсү, аттракциондор жана башка эс алуу үчүн түзүлгөн шарттарда ата-энелер балдары менен шаардын ызы-чуусунан алыстап, балдардын эс алуучу жана көңүл ачуучу жомоктогудай таза дүйнөсүнө кире алышат.


Эс алуучу жайдын жетекчиси Нурбек Оторбаевдин айтымында ал 2006-жылдан бери иштеп келет.
Бошогон адамдар келип бала-чакаларын эс алдырып кетишет,биз болсо колдон келишинче аракет кылып ар турдуу аттракциондорду орноттук.

Ошондой эле шаарыбыздын тургундарынын жана жайкы эс алууну коптон куткон окуучуларыбыздын маанайын сурап кордук
Мен эс алуу паркына ар дайым ата энем менен келем жана курбу кыздарым менен бул жердин таза абасы кобунчо кок чопко олтуруп эс алган жагат маанайым эн сонун.

Шардык парктардагы эс алуучулардын жалпы саны ар бир дем алыш күндөрү орточо эсеп менен 100-200 адамды түзөт.
Даярдагандар: Камчыбекова Р
Эрнис кызы А.