«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Кызыл-Ай коомунун республикалык сынагына Таластын №3-мектеби катышат

3 Июнь 2017 жыл 6:42
Көрүүлөрдүн саны: 149

Талас облусундагы мектептер арасында 1-июнда өткөрүлгөн биринчи тез жардам боюнча таймашта Талас шаарындагы №3-мектеп жеңишке жетти. Эми бул мектеп тайпасы Бишкек шаарында өтө турган республикалык сынакка катышат.

Талас шаарында 1-июнда Талас облусунун мектептер арасындагы биринчи тез жардам көрсөтүү боюнча мелдеш болуп өттү. Жыл сайын өттүүчү жарышка облустан 12 орто мектеп жана Талас шаарынан эки орто мектеп катышты.

Иш-чаранын негизги максаты — мектеп окуучуларын тез жардам көрсөтүүгө үйрөтүү, өзгөчө кырдаалда жабыр тарткан адамдарга жардам берүү. Жарыш 3 баскычтан турду: биринчиси логикалык тест, экинчиси өпкө-жүрөктү реанимациялоо ыкмаларын текшерүү, үчүнчүсү жабыр тарткан адамга биринчи жардам көрсөтүү.

Жарыштын жыйынтыгы боюнча, 1-орунга Талас шаарынын № 3-орто мектеби ээ болуп, Бишкек шаарына жолдомо алды.

Мелдешти “Кызыл ай” коому уюштурду. Талас облусу боюнча Кызыл-Ай коомунун жетекчиси Дилдакан Шадыбекованын айтымында, уткан команда, республикалык деңгеелдеги мелдешке катышат.

“Биздин иш чарабызга Швецариядан делегация келген. Алар репортерлор, журналисттер жана тоо лыжа спорту боюнча бүткүл дүйнөлүк олимпиада чемпиону Гисен Доменик”, — деп кошумчалады Шадыбекова.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова