
1 июнь балдар коргоо күнүнө карата Талас шаарынын Э.Кутманалиев атындагы стадионунда “Китеп кербени” болуп өттү. Бул иш-чара Талас облусунун Америка борбору жана Тынчтык Корпусу менен биргелекте өткөрүлдү.
Иш чаранын негизги максаты жаш өсүрүмдөрдү китеп окууга чакыруу жана ошондой эле англис тилин үрөөнүүгө үгүттөө.
“Бүгүнкү иш-чара жыйынтыктоочу болду. Биз Талас облусунун айылдарын кыдырып келдик. Китеп кербени балдардын майрамы менен бир күндө өткөрүлдү. Иш-чарабызда бир гана балдар эмес, ата-энелер да кызыгуусу менен катышып жатат”, – деп кошумчалады Америка ордосунун координатору, Чынара Жумагулова.
“Балдарыма абдан жагып жатат, бал муздак да таратылды. Китеп окуп жатабыз, кызыктуу оюндарды ойноп белек алдык. Бизге абдан жагып жатат” – Венера Оморова, Талас ш. тургуну.
“Китеп Кербени” – бул маалымат алуучу аянтча. Бул аянтчада мастер-класстар, клубтар, жаш өспүрүмдөр үчүн инновациялык метотор менен англис тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Даярдаган: Кубанычбекова А.