Бүгүн, “Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу (КЭУБ) боюнча окутуучулардын ассоциациясы” коомдук бирикмеси Талас мамлекеттик университетинде (ТалМУ) КЭУБ боюнча Ресурстук борбордун ачылыш аземи болуп өттү.

Талас мамлекеттик университети КЭУБ боюнча университеттердин консорциумунун активдүү мүчөсү болуп саналат. Бул USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда ачылган КЭУБ боюнча алтынчы Ресурстук борбор.

КЭУБ боюнча алтынчы ресурстук борбор тууралуу кененирээк маалыматты ИСТ-Вест Менеджмент ишке ашырып жаткан USAIDдин биргелешип башкаруу программасынын директорунун орун басары Руслан Молдокасымов берди.

Ачылуу аземине ТалМУнун ректору Айбек Упенов, окутуучулар жана студенттер, окуу-методикалык кеңештин, Талас облусунун мамлекеттик мекемелеринин, USAIDдин жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

ТалМУнун аралыктан билим беруу технологиялык борборунун директору Айсалкын Укуева окутуучулар жааматына жана студенттерге эң жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын билдирди.

ТалМУнун алдындагы КЭУБ боюнча ресурстук борбор студенттердин, окутуучулардын, Талас облусунун коммерциялык эмес, бизнес жана мамлекеттик секторунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен кесиптик өнүгүү боюнча семинарлар, лекциялары, конференциялар жана дискуссиялар үчүн аянтча болуп кызмат кылат. Ачылуу аземинен кийин ТалМУнун окутуучулары “тренерлер үчүн эки күндүк тренингге” катышат жана “Коммерциялык эмес уюмдарды башкарууга киришүү” жана “Азыркы дүйнөдөгү коммерциялык эмес уюмдар” КЭУБ боюнча курстардын окуу программаларын карап чыгышат, ошондой эле өздөрүнүн факультеттеринде КЭУБ боюнча курстарды окутуу үчүн инновациялык методдорго үйрөнүшөт.

Биргелешип башкаруу программасы (ББП)жарандык коомдун, менчик сектордун жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн эффективдүү кызматташуусуна көмөктөшүүдө. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

Даярдаган: Камчыбекова Р