«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Иши солгундап, тикмечилердин айлыгы азайды

16 Август 2020 жыл 14:39
Көрүүлөрдүн саны: 322

Талас шаарындагы “Айша” Талас шаардык муниципалдык тигүү цехи 2019-жылдын май айында ачылган. Бул тигүү цехинде иштеген тигүүчүлөр буйрутма алып кийимдин баардык түрлөрүн тигишет.

Анара Орозалиева учурда тигилип жаткан пальтонун үлгүсүн көрсөтүүдө

—  Негизинен бизде 16 орун бар, учурда 14 тигүүчү иштеп жатышат. Карантиндин алдында, март айынын аягында 1 жума бет кап тигип иштедик, дагы 1 жума жалаң бекер бет кап тиктик. Ал бет каптар элдерге бекер таратылган. Апрелде карантин күчүнө кирип, жолдор жабылып калганда бул жерде иштегендер айылдардан келе алышпай, биз дагы карантинде үйдө олтуруп калдык. Карантин аяктап, элдер жумушка чыкканда 2-июндан баштап иштей баштадык, -дейт, цехтин башчысы Анара Орозалиева.

Тигүүчү машиналар шыртылдап, тигиштерден көз албаган тикмечилер күзгү сезондук кыска пальтолорду тигишүүдө. Ак, боз, саргыч түстөгү пальтолордун фасону заманбап үлгүдө.

-2019-жылга салыштырмалуу буйрутмалар абдан эле аз болуп калды. Негизи биздин тиккен кийимдер Дордой базарынан келишим менен Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга алынып кетет. Учурда буйрутмалар аз болгондуктан, жумушчуларга да тигүү акысы аз төлөнүп жатат. Мурда бир пальтону 100 сомдон тиксе азыр 75-80 сомдон төлөнүп берилүүдө,- деди Анара.

COVID-19 пандемиясы мамлекетибиз үчүн оор жоготууларды алып келди. Өлкөнүн экономикасына да терс таасирин тийгизип, жаңыдан телчигип келаткан майда жана орто ишкерликтин өнүгүүсүнө оор сокку урууда.

Талас облусундагы учурдагы абал тууралуу белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 118 бейтап ооруканада дарыланууда. Медиктердин берген маалыматына таянсак, анын ичинен 38нин абалы канааттандырарлык болсо 38и орточо абалда. Жалпысынан Таласта COVID-19 жана пневмония оорусу менен 1290 учур катталган. 900дөн ашуун бейтаптар сакайып ооруканалардан чыкты. Өпкө кагын илдетине чалдыккан 1127 кишинин 869у айыгып үйлөрүнө чыгарылган. Бүгүнкү күнгө дейре Талас облусу боюнча өпкө кагын жана короновирус илдетинен 63 адам жарык дүйнө менен кош айтышты.

Мира Сейдикеримова