«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Чач тарач: «Коронавирус менин кыялымдын ишке ашышына тоскоолдук боло албайт»

26 Июнь 2020 жыл 11:50
Көрүүлөрдүн саны: 848

Бермет Достукбек кызы Талас шаарындагы №90 кесипчилик окуу жайынан билим алып, чач кыркуу адистигине ээ болду. Ал кесипкөй чачтарач болууну самап, Бишкекке барып Ассоль Молдокматованын сулуулук курсунан билим алсам деп көптөн бери кыялданган. Бирок, коронавирус илдети эл арасында көбөйгөндөн бери эч жакка чыга албай үйүндө.


«9-классты бүткөндөн кийин эле №90 кесипчилик окуу жайына тапшырып, өзүм каалаган чачтарач кесибине ээ болдум. Ассоль Молдокматованын сулуулук курстары тууралуу угуп жүрчүмүн. Келечекте Замира Молдошевадай чач кыркып, кесипкөй визажист болгум келет. Ошон үчүн Молдокматованын курсуна катышып, билим деңгээлимди жогорулатсам дейм.

Алдыда Бермет Достуктек кызы

Июнь айында акыркы экзамендерди тапшырып, дипломумду алгандан кийин июль айында Бишкекке барып, окуумду улантууну пландагам. Бирок, короновирус илдети башталып, азыр үйдөн чыгуу да кооптуу жагдай жаратып жатпайбы. Ошондуктан азырынча үйдөмүн, дейт Бермет.

Бермет чач кыркып жаткан учуру

Бермет №90 кесипчилик окуу жайында окуп жүргөн маалында кошумча жумушта иштеп акча топтой баштаган. Кечкисин Талас шаарындагы “Талас” ресторанында официант болуп иштеп, күнүнө 500 сомдон тапканын айтат:
— Негизи ресторанда иштегендин дагы кыйынчылыгы бар, өзгөчө 300-500 кишилик чоң тойлордо элди тейлөө оңой эмес. Кээ бирөөлөр жөндөн жөн эле официанттарды жекий беришет. Аларга унчукпай сылык сүйлөп, буйрутмасын кабыл алуу биздин милдет. Жөн эле официант болбойсуң да. Ашканадагы көп иштерге жардамдашабыз, идиштерди аарчып, столдорго дасторкондорду жайып, жыйнап-тернеп дегендей түшкү 3төн, таңкы 3төргө чейин тынбай иштейсиң ошентип күнүнө 500 сомдон айлык алабыз. Кээде айрым коноктор сый акы “чаевые” деп берип калышчу. Ошентип окуудан тышкары иштеп жүрүп 20 000дей акча топтогом. Март айында карантин башталбадыбы, ошондо иштебей үйдө олтуруп калдык. Ата-энем, бир туугандарыбыз менен 2 айдан ашуун үй карантининде олтурдук, күнүмдүк тамак-аш жана башка керектөөлөргө акчамдын көбү короп кетти. Үйдө атам эле иштейт, биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Талас өкүлчүлүгүнө егер болуп иштейт. Атамдын тапкан айлыгы баардык бюджеттен айлык алгандардай эле аз. Агам студент, сиңдим мектеп окуучусу, апам кичүү инимди былтыр 2019-жылы төрөгөн, аты Айтмырза. Бөбөгүбүз дени сак чоңойсун деп жыйнаган акчамдан ага витамин, буламык, кошумча сүт алып берип жүрдүм, деди сөз учурунда Бермет мени менен баарлашып олтуруп.

Бермет карантинде беткаптарды тигүүдө

Учурда Бермет үйүндөгүлөргө, өзүнө түрдүү бет каптарды тигип берүүдө. Бермет түрдүү өңдөгү маталардан бет каптарды кооздоп же жөнөкөй формада тигет.
– Бет кап эки кабат болууга тийиш, ошондо ага вирус кирбей адамды жакшы коргойт. Ички бетине марлиден жука ич каптап коём, резинасы кулакты өйкөбөй ыңгайлуу болот. Бет капты кийгенде дем алууга ыңгайлуу жана жарашыктуу болууга тийиш. Атама, байкеме эркектерге ылайыктуу кылып олуттуу көрүнгөн түсү күңгүрт бет каптарды, аялдар үчүн, кыздарга гүлдүү маталардан мончок тагылган бет каптарды тигип бердим. Биз үй бүлөбүз менен көчөгө көп чыкпайбыз, зарыл иш болуп чыгып калсам кийген кийимиме жараша бет капты кийип алам, -дейт Бермет.
Короновирус илдети басылса, элибиздин саламаттыгы чың болуп, мурдагыдай жай турмуш калыбына келсе деп тилеген Бермет эми кыялын ишке ашыруу үчүн он лайн аркылуу билим алып, чачтарачтык кесибин улантууга умтулууда. Ал он лайн аркылуу чачтарач курсуна жазылган. Он лайн аркылуу күнүгө бир сааттык сабак алат. Окутуучулары Бишкекте, өзү Таласта. Бирок аралыктан окуу менен көп нерсени үйрөнө аларына ишенет.

Аралыктан окууну жеңилдетүү үчүн Онлайн университет уюштурулуп, көптөгөн вебинарларды өткөрүп жатат.

 

Мира Сейдикеримова