«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Короновирус биздин жашообузду өзгөрттү

24 Июнь 2020 жыл 13:02
Көрүүлөрдүн саны: 298

Талас районундагы Үй бүлөлүк медицина борборундагы ден соолукту чыңдоо кабинети жыйырма беш Айылдык ден соолукту чыңдоо комитеттери (АДК) менен биргеликте иш алып барат.

 

Айылдык ден соолук  комитеттери Швейцариялык “Кызыл Крест” коомунун каржылоосу менен 2005-жылдан бери бир катар долбоорлорду ишке ашырып, элет элинин ден соолугун чыңдоо багытында тынымсыз иштеп келишет.

— 2019-жылдын 17-декабрында Кытайда биринчи жолу коронавирус илдети чыккандан баштап, биз АДКлар менен биргеликте оору тууралуу, илдеттен кантип сактануу керектиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштадык. Маалымат кампаниясынын биринчи бөлүгү 17-декабрдан 17-февралга чейин болгон. Экинчи бөлүгү 20-февралдан 20-апрелге чейин улантылды. Калктын маалыматсыздыгы, кайдыгерлиги, коронавирус тууралуу маалыматтын жетишсиздиги жана соцтармактарга фейк материалдардын жайнап кеткендиги маалымат кампаниясынын үчүнчү бөлүгүн улантууга мажбур кылды. Азыр үчүнчү маалымат кампаниясын жыйынтыктап жатабыз, бул 21-апрелден 20-июнга чейинки мөөнөттөгү эң оор маалымат кампаниясы болду. Себеби, башында элдер COVID-19 оорусу боюнча кызыгып угуп, коркунуч менен маани берип, баардык эрежелерди сактап, талаптарды аткарышкан. Акыркы айларда элдин ишеними кетип, биздин айткандарыбызды кулагынын сыртынан кетиргендер көбөйдү. Айрымдары ачык эле, “Бул саясат, оору жок. Калп эле оорудум дегендерге акча төлөшөт экен. Медиктер ошентип акча алып жатышыптыр”-деп айтып жатышат»,-дейт  ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси Магира Кутушбекова.
Антсе да, “Тамчы ташты тешет” дегендей, айылдаштарына, өздөрүнүн жамааттарына Айылдык ден соолук комитеттери тынбай маалымат таратышат. АДКнын бир мүчөсү 20 адамга маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттенме алган.

 

Иш учурунда

Иш учурунда

 

Талас жергесинде дагы ооругандардын саны көбөйүп бара жатпайбы, биз ден соолукту чыңдоо кабинетинин эки адиси өмүрүбүздү тобокелге салып, элдерге маалымат берүү үчүн, эл көп каттаган 19 мекеме-уюмга, райондогу баардык соода түйүндөрүнө, дүкөндөргө кирип маалымат баракчаларын илип, анда иштегендерге таратып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп чыктык. Мындан тышкары Талас районунун аймагындагы баардык айылдарга эл ташыган автоунаа ээлерине дагы жолугуп, соцаралыкты сактоо, унаада дайыма антисептиктин болушу жана бет кап кийүү тууралуу маалыматтарды берип чыктык, — деп билдирди ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси Гүлбү Бешкемпирова.

 

Маалымдама баракчалары ири жана орто соода борборлоруна, автоунааларга илинди

 

 

Учурда коронавирус илдетинен сактануу, COVID-19 оорусу боюнча кеңири маалымат берилген плакаттар, маалымдама баракчалары райондогу ири, орто жана майда соода түйүндөрүндө, айыл өкмөтү, почта, архив, ички иштер бөлүмүндө, мектептерде, автобекеттерде илинип турат. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташыган автоунаалардын арткы айнектерине чапталган.

—  Коронавирус илдети биздин жашообузду өзгөрттү,  анын «-» жана “+” жагы да бар дейт Магира эже:

 

 

«Биз 2018-жылдан бери жугуштуу эмес оорулардын тобокел факторлорунун алдын алуу боюнча иштеп келатабыз. Ай сайын чогулуп, айылдарда кандай иштер жасалып жатканын талкуулачубуз. Чогулушубуз болбой калды. Үч айда бир жолу айылдарды кыдырып иш жүргүзчүбүз, бул токтоду. Мектеп, мечит, айылдык аксакалдар кеңеши, аялдар кеңеши, жаштар тобу, айылдагы үй бүлөлүк дарыгерлерди кыдырып профилактикалык иштерди уюштурчубуз, ал ишибизди да уланта албай жатабыз. Бул иштерди эми мезгил талабына жараша, санитардык коопсуздук эрежелерин сактоо үчүн онлайн аркылуу жасашыбыз керек. Азыркы учурда бизди Саламаттыкты Сактоо  Министрлиги  тарабынан онлайн иш алып баруу боюнча окутуп жатышат.Атың өчкүр COVID-19 илдетинин жакшы жагы жок дечи, бирок, оору бизди жаңыча ойлонууга, аракеттенүүгө, жашоо образыбызды өзгөртүүгө аргасыз кылды.Биринчиден эл арасында ысырапчылык аябай күчөп кеткен. Саал шылтоо болсо эле болду баарыбыз тойлоп калганбыз, ашыкбаш тойлор токтоду. Жамандыкты да тойдой тосуп калганбыз, эки-үчтөн кара мал союлуп, ысык ботко жеш үчүн эле элдин баары адам өлгөн жерге топурап барып, бул жапайы салтты эч ким токтото албай калган. Ал эми жакшы жагы бала бакчадагы балдардан тарта чоң кишилерге чейин кол жууганга аябай маани берип, ачыгын айтканда айрымдар кол жуунун тартибин ушул оору чыкканда жакшылап үйрөнүштү окшойт. Биз кол жуу боюнча бала бакчанын медайымдарынан баштап окутуп үйрөттүк. Баланы жашынан дегендей, кичинекей бөбөктөр ырдап кол жууганды жакшы үйрөнүп кетишти.  Чыканак менен оозу мурдун калкалап чүчкүрүү адеби да эл арасына жайылды.

Эми бет капсыз жүрбөгүлө, соцаралыкты сактагыла, антисептикти дайыма жаныңарга алып жүргүлө деп алыбыздын жетишинче айтып, үйрөтүп жатабыз. Бет кап короновирус дартынан сактануучу бирден бир каражат. Оорулуу адам чүчкүрүп, жөтөлгөндө андан чыккан вирус тамчылары сыртка чыкпай бет кап ичинде калат. Соцаралыкты сактоо абдан маанилүү, анткени вирус адамга жетпей абада өлүп жок болот. Антисептик колго жуккан вирусту жок кылат. Ошондуктан бет кап кийип, коомдук жайларда соцаралыкты сактап, дайыма антисептик колдонуңуздар. Эгерде маанилүү, зарыл жумуш болбосо үйүңүздөрдө эле калганыңыздар жакшы, деп сөзүн аяктады Магира Кутушбекова.

Учурда Гүлбү Бешкемпирова менен Магира Кутушбекова айылдык ден соолук комитеттери менен күн сайын байланышып, WhatsApp аркылуу COVID-19 илдетинен сактануу, коопсуздук эрежелери тууралуу райондун тургундарына маалымат таратышууда.

Даярдаган Мира Сейдикеримова