«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Таш- Төбө тоосунун чокусуна белгисиз желекти орнотуп кетишкен

9 Июнь 2020 жыл 13:42
Көрүүлөрдүн саны: 344

Талас-Тараз-Суусамыр трасса жолундагы Таш-Төбө тоосунун чокусуна белгисиз адамдар кызыл айчык ортосунда тегерек саргыч белги түшүрүлгөн желекти сайып, ал желектин алдына чогулушканын Кара-Ой айыл эли көрүп булар кимдер, эмнеге келишти деп таң калышкан.

Тоонун чокусуна ушул желек сайылган

 

Чогулган топ тарагандан кийин барган айыл жаштары белгисиз желекти тоо башынан алып ташташты.

Желек орнотулган Таш-Төбө тоосу

«Биздин үлүш жерибиз Таш-Төбө тоосуна жакын. Бул кызыл желектин илингенине көп болду. Кыргызстандын желеги экен деп ойлогонбуз. Кечээ балдар барып алышса башкача желек экен. Кайсыл уюмга тиешелүү экенин билбедик»,- дейт Кара-Ой айылынын тургуну Аскат Турдубеков.

Нарында жатаканадагы кыздар жип жана мык менен өлкөнүн желегин жасашкан.

Мира Сейдикеримова