«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Ээнооз жигит элден качасыңбы?

4 Июнь 2020 жыл 13:01
Көрүүлөрдүн саны: 311

 

“Апрель окуясынын катышуучусумун” деп, соцтармактарда жылдызга айланып, Курманбек Бакиевден кечирим сураган Болсунбек Бечекеевди таластык коомдук уюмдардын өкүлдөрү президент Сороонбай Жэнбековдон Кыргызстанга алып келүүсүн суранышты.

Өзүн “Болсунбек Бечекеев” же “Болсунбек Рысбеков” деп атаган жигит Курманбек Бакиевден кечирим сураганы эл арасында катуу талкууга алынды.

“Баатырларга таазим” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Кишимжан Таштакеева, Козубек Иманкулов, Күмүшай Бокотонова, Бектурсун Жандаралиев, ошондой эле “Кара-Буура – 6-7-апрель” коомдук бирикмесинин мүчөсү Медетбек Жунусалиев, “6-апрель Талас элдик революциясы” коомдук фондусунун төрагасы Төрөбек Кишенбаев, “6-апрель Бакай-Ата” кыймылынын мүчөсү Рыскул Жанкорозов 2-июнда Таластагы АКИпресс-Таласка барып маалымат жыйынын өткөрүшүп, жыйында 2010-жылы 6-7-апрелдеги кандуу окуяларды кыргызстандыктар баштан кечирип, 80ден ашуун эр азаматтардын каны төгүлүп, ошол кандуу Апрель революциясында оор, жеңил жаракат алып, анын кесепетинен турмуштары бузулуп, каза тапкандар жыл санап көбөйүп баратканын айтышты.

Алыскы Америкада жашап жаткан Болсунбек Бечекеев аттуу Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында туулуп өскөн ээнооз жигитти мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга алып келүүсүн суранышты.

“Ойносоң да ойлоп сүйлө” дегендей, оозуна алы жетпеген Болсунбек Бечекеевге соцтармак аркылуу каршы пикирин билдиргендер көбөйүп, 7-Апрель элдик революциясына он жыл толгондон кийин кайрадан чуулгандуу сенсация жаратып, качкын президент Бакиевден кечирим сураган Болсунбек Бечекеев тууралуу өз ой пикирлерин билдирген коомдук уюмдардын жыйыны Ютуб каналына чыгып, 100 минден ашуун адам көрүп, карама каршы пикирлерди жазган окурмандардын саны арбыды.

 

Даярдаган: Мира Сейдикеримова