«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Жаңы лаборатория иштей баштады

19 Май 2020 жыл 13:45
Көрүүлөрдүн саны: 362

Таласта жаңы лаборатория иштей баштады

2020-жылдын 9-майдан баштап Таласта жаңы ачылган мамлекеттик вирус изилдөөчү лаборатория COVID-19 оорусу боюнча анализ алуу ишин жүргүзүүдө.

 

 

Казакстандан Кыргызстанга “Чоң-Капка” бажысы аркылуу өткөн кыргыз жарандарынын баары чек ара өткөөлүнөн өтүп эле анализ тапшырып, жыйынтыгын тез аранын ичинде билишет да андан ары жолун улантышат.

 

 

Буга дейре Талас облусунан алынган баардык анализдер Бишкекке ташылып турган. Кыргызстанда вирус изилдеген 9 лаборатория бар, анда анализди ыкчам алып, жыйынтыгын тез аныктай турган 14 аппарат иштейт. Күн сайын ал лабораториялардан 2000ден ашык анализдер алынып турат.

 

 

 

 

 

 

Даярдаган: Мира Сейдикеримова