Өлкөбүздө карантиндик абал орноп, кыймыл аракет азайганы менен талааларда иш кызып, дыйкандар жаздын ар бир күнүн текке кетирбей иштеп жатышат.
Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айыл аймагында 2259 гектар айдоо жер бар. Быйылкы жазда өзгөрүштүк дыйкандар негизинен Талас облусунун брендине айланган төө буурчактын “Лопатка” сорттун эгип жатышат.
Өзгөрүш айыл Кеңешинин төрагасы Абдысапар Атанбековдун билдиргени боюнча жазгы айдоо себүү жумушунун 70 пайызы аяктап калды.
Даярдаган: Мира Сейдикеримова