«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас облусунда 4 ай ичиндеги өрт кырсыктары

8 Май 2020 жыл 13:46
Көрүүлөрдүн саны: 308

   Талас облусунун өрт кырсыктары.       

      «Талас облусунда  4 ай ичинде өрттүн саны 41,8​ пайызга азайган. ​ ​ ​ 2020-жылдын 4 ай ичинде Талас облусунда​ 32​ өрт кырсыгы катталып (2019-ж. 55), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны​ – 141,8 % азайган.

Өрттүн кесепетинен  каза тапкан  жана  жабыркаган адамдар катталган жок (2019-жылы өрттөн жабыркаган 1). Өрттөн ​ кесепетинен келип чыккан ​ материалдык чыгым​ 2 млн 935 402 сомду түзгөн. 16 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынан 50 ​ % түзгөн.

 Өрттөрдүн негизги себептери:

 -электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -60 %;

 -мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 61,9 %;

 -өртко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 16,7.8%;

 -балдардын от менен ойноосуунан – 16,7 %, өрт кырсыгы болду

 Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

  — Талас шаары  — 10;

 —  Талас району — ​ 4;

 —  Манас району — ​ 7;

 —  Кара-Буура району — ​ 9;

 —  Бакай-Ата району — ​ 2;

 Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл: 📌  

— бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;

 — күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;

— балдарды кароосуз калтырбагыла;

— күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын   

   кароосуз таштабагыла;

— электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула. тамекинин   

  калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;

     Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз.

Өрт же өзгөчө кырдаал катталган учурда 101, 112 номерине чалыңыз, чалуу  акысыз.»    КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын ӨӨ,АА ж АКИ    бөлүмүнүн башчысы подполковник  У.Тамабаев маалымат менен бөлүштү.

ӨРТҮ ӨЧҮРҮП ЖАТКАН УЧУРДА


Даярдаган: Кундуз Мырзалиева