«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Бакыяндыктарга жардам

7 Май 2020 жыл 13:33
Көрүүлөрдүн саны: 453

Коронавирус  илдетинин коркунучу дүйнө жүзүнө анын ичинде Кыргызстан үчүн да кооптуу болгондуктан 50 күндөн ашуун карантиндик абалда үйдөн чыкпай олтурууга туура келүүдө. Бул учурда эл арасындагы аз камсыз үй бүлөлөргө кыйла кыйын болууда.  Антсе да, кайрымдуу жарандардын жардамы менен жардамга муктаждарга тамак-аш, азык түлүк таркатылууда. Ишкер Умсун Назарбекова Кара-Буура районундагы Бакыян айыл өкмөтүнө эки жарым тонна ун  берди. “Дан Агро” фирмасы 15 адамга ун, күрүч, кант,  өсүмдүк майы, чай, самын таркатты. “Бишкек-Жаштар” уюму аталган айылдагы эки үй бүлөгө ун, камыр азыктарынан жардам берди.

Бакыян айыл өкмөтү  боюнча 169 аз камсыз үй- бүлөлөргө гумжардамдар берилди, деп маалымдады айыл өкмөтүнүн соцадиси Касымкул кызы Сагида.   

Жардам берүү учурунан фотобаян:





Даярдаган: Мира Сейдикеримова, Кундуз Мырзалиева