«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунан жардам

16 Апрель 2020 жыл 13:51
Көрүүлөрдүн саны: 49

БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунан жардам

Таажывирусунан сактануу учурдагы эң олуттуу маселелердин бири. Илдеттен сактануу максатында карантиндик мөөнөт үстүбүздөгү айдын аягына чейин улантылды.

Оору коркунучун алдын алуу максатында мамлекетибизде көптөгөн иш чаралар жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик гана эмес бейөкмөт уюмдар, дүйнөлүк донорлор бул маселеге олуттуу көңүл буруп жатат. БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине колдоо көрсөтүү максатында Талас облустук обсервациясында жайгашкан бейтаптарга гигиена шаймандары Талас облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна өткөрүлүп берилди.

Сапат Кыздар лицейиндеги бейтаптарга 50 даана, Бакай-Ата районундагы №41 лицейинде жайгашкан бейтаптарга 50 даана, Манас районундагы Улукман лицейиндеги бейтаптарга 50 даана, Манас районундагы жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү бейтаптарга 50 даана, Кара-буура районундагы Т.Бабанов атындагы лицейиндеги бейтаптарга 50 даана, Талас районундагы Манас лицейине 50 даана – жалпысынан 300 даана гигиена шаймандары тапшырылды.

Мындан сырткары Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы борборлоштурулган ооруканасына 100 даана бир жолку колдонуучу коргоочу кийимдер, 30 даана коргоочу каскалар, 100 дана медициналык чепчиктер, 30 даана желим кол каптар жана 100 даана медициналык мээлейлер жалпысынан алганда 360 коргоочу каражаттар берилди.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова