«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Таластык окуучулар “Сен – менин баатырымсың” китебин окуп жатышат

13 Апрель 2020 жыл 12:25
Көрүүлөрдүн саны: 72

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, БУУнун Балдар фонду, “Балдарды сактоо” уюму жана 50 уюмдун колдоосу менен “Сен – менин баатырымсың” аттуу жаңы китеп чыгарылды. 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, БУУнун Балдар фонду, “Балдарды сактоо” уюму жалпысынан алганда 50 уюмдун колдоосу менен “Сен – менин баатырымсың” аттуу 6 жаштан 11 жашка чейинки балдарга арналган жаңы китеп чыгарылды. Китеп англис, орус, испан, араб, француз, кытай тилдеринде жарык көрдү. Китеп онлайн түрүндө жана аудио китепче түрүндө дагы чыгарылган.

Китепте COVID-19 пандемиясы жайылган ар түрдүү өлкөлөрдө жашаган балдарга арналып, наристелер илдеттен өздөрүн жана жакындарын кантип коргой алышаары тууралуу чагылдырылган. Талас шаарынын 10 жаштагы тургуну Айтунук Достукбекова уюлдук телефонунан китепти окуп жаткан кези.

-Мен Талас шаарындагы №3 мектепте 4-класста окуйм. 17-марттан баштап биздин мектеп жабылган. Азыр уюлдук телефонума келген тиркемеден китепти орус тилинде окуп жатам. Китептеги Сара аттуу кыздын баяны мага аябай жакты. Китептеги сүрөттөр, окуялар абдан таасирдүү жана кызыктуу. Ал эми коронавирустан сактаныш үчүн үйдөн чыкпай, колду бат-бат самындап жууп, антисептик колдонуш керек -дейт Айтунук.

Карантин маалында балдардын аң сезимин коркунучка алдырбай, психикалык колдоо берген бул китепти даярдоо долбоорун IASC MHPSS RG серепчилер агенттигинин катышуучулары эл аралык, регионалдык жана улуттук деңгээлде 104 өлкөдөн ата-энелерди, тарбиячыларды, мугалимдерди жана балдарды тартуу менен ишке ашырышкан.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова