«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Таластык китепканачылар Facebook, Instagram, WhatsApp аркылуу китеп окуп беришүүдө

13 Апрель 2020 жыл 12:53
Көрүүлөрдүн саны: 52

Таластык китепканачылар Facebook, Instagram, WhatsApp аркылуу китеп окуп беришүүдө

Учурдагы кырдаалга жараша маданий иш чаралар убактылуу токтотулду, карантиндик катуу тартип орноду, бирок бул кыйынчылыктарга карабай Талас областынын китепканачылары Facebook, Instagram, WhatsApp аркылуу окурмандар менен Интернет айдыңынан байланышып, китеп окуп беришип, адабий кечелерди уюштуруп маданий агартуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Талас областтык Аман Токтогулов атындагы китепкананын китепканачылары, соцтармактарды колдонуп, окурмандарды адабий видео аудио роликтер менен тейлеп жатышат.

Китепканачылар балдарга, жаштар, орто муундар жана карыялар үчүн окурмандар тайпаларын түзүп, “Жомок айтуу”, санжыра, “Манас” эпосу, көркөм адабият, поэзия жана окурмандарды кызыктырган акындардын, жазуучулардын өмүр баяны, чыгармачылыгы тууралуу он лайн китеп окуу сааттарын уюштуруп жатышат.

А.Токтогулов атындагы тейлөө бөлүмүнүн башчысы Нурзада Камчыбекова Facebook баракчасына 7-Апрель Элдик Революциясына арналган элдин эскерүүлөрүн, акын Арзыкан Момунтаеванын жана жергиликтүү акындардын ырларын жарыялады.

Ал эми Талас районундагы Айдаралиев атындагы айыл аймагындагы китепканачылар 7-Апрель Элдик Революция күнүнө карата “Эр жигиттин эрдигин эл унутпайт” аттуу Апрель Элдик Революциясынын баатыры Эмил Айылчиев тууралуу көргөзмө уюштурушкан, ошондой эле китепканачылар менен он лайн аркылуу байланышкан окуучулар Эмилбек Айылчиевге арналган ырларды көркөм окушуп, WhatsApp аркылуу жалпы райондун жашоочуларына таратышты.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова