«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Облустук ооруканага ИВЛ RS-300 аппараты берилди

13 Апрель 2020 жыл 12:19
Көрүүлөрдүн саны: 38

Талас облустук ооруканасына “Альянс Алтын” компаниясынан ИВЛ RS-300 аппараты берилди.

11-апрелде Талас облустук борборлоштурулган аймактык ооруканасына “Альянс Алтын” компаниясынан коронавирус оорусуна кабылгандардын өмүрүн сактап калууга өбөлгө түзгөн өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруу ИВЛ RS-300 аппараты берилди.

Азыркы күндө дүйнө боюнча олуттуу көйгөйгө айланган COVID-19 дарты менен күрөшүүдө өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруучу аппараттын жетишсиздиги айтылууда.

“Жерүй” кенин иштетүүчү “Альянс Алтын” компаниясынын пресс катчысы К.Карачолокова маалымдагандай бул аппаратты издеп таап, макулдашып алууга бир нече жума убакыт кеткен. Кытай өлкөсү менен макулдашуунун негизинде 16 миллион сомдук ИВЛ RS-300 аппараты алынып келген.

Кыргызстанда коронавирус оорусу башталып, карантин жарыялангандан тартып “Альянс Алтын” компаниясы Талас өрөөнүндө жашаган элге тамак-аш жана медициналык жабдуулар түрүндө көп жардамдарды берип, Талас аймагын дезинфекциялоо иштерин жүргүзүшкөн.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова