«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Жаштар тобунан жардам

10 Апрель 2020 жыл 11:56
Көрүүлөрдүн саны: 64

Талас шаарында жашаган жаштар өз ара топ түзүп жардамга муктаж болгон үй бүлөлөргө жардам беришти.

Талас шаарында жашаган 22 жаштагы Мамбеткалый уулу Эржан, 21 жаш курактагы Рустам Сыргабаев жана мектеп окуучулары Дастан Дүйшеев, Азат Мелисбеков,Улук Умарбеков өз ара топ түзүп, WhatsApp аркылуу тууган, тааныш, классташ, жоро-жолдошторунан жардам суроо акциясын уюштурушуп, натыйжада отуз миң сом өлчөмүндөгү тамак-аш, азык түлүк чогултушкан.

Элден чогултулган азык-түлүктөрдү Талас шаарында жашаган жардамга муктаж он беш үй бүлөгө таратып беришти, жаш ыктыярчылар Расылканова Алтынай, Исманова Алтынайлар үйлөрдү кыдырып таратуу иштерине кол кабыш кылышты.

Коронавирустан сактануу үчүн карантинде олтурган калктын аялуу катмарын түзгөн аз камсыз үй бүлөлөргө жардам берүү акциясын уланта беребиз. Бизге 0500898975 номери аркылуу байланыша аласыздар, — дейт топтун мүчөсү Дастан Дүйшеев.

Бул жаштар тобу мурда дагы кайрымдуулук акцияларын өткөрүшкөн. Үйлөрдү кыдырышып, чыныгы жардамга муктаждарды өз көздөрдү менен көрүп, көп балалуу аз камсыз үй бүлөлөрдүн, жалгыз бой энелердин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, багаар көрөөрү жок кары-картаңдардын тизмелерин тактап чыгышкан.

 

Даярдаган: Мира Сейдикеримова