«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

“Апаатка такаат” долбоору муктаж үйбүлөлөргө жардам берди

6 Апрель 2020 жыл 12:25
Көрүүлөрдүн саны: 50

JIA ишкерлер ассоциациясы Кыргызстан боюнча “Апаатка такаат” долбоорун ишке ашырып, коронавирус илдети таралуу коркунучу жаралып жаткан учурда карантинде жаткан элдин аялуу катмарына колдоо көрсөтүп жаткан учуру.
Таластагы JIA ишкерлер ассоциациясы менен “Элим барсыңбы” фондусу биргеликте, жана жергиликтүү ишкерлер жалгыз бой карыяларга, аз камсыз үй бүлөлөргө керектүү азык түлүктөрдү таратып жатышат.
Ошондой эле карантиндик күзөттүк чекте турган 90 кызматкерге 3 күн ысык тамак беришти. Талас облусу боюнча 7000 бет каптарды таратып беришти, 40 даана атайын медициналык формаларды ооруканаларга тапшырып, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 5 даана, облустук Жаштар кеңешинин жаш ыктыярчылар тобуна 15 даана дары чачуучу жабдыктар менен камсыздашты.
“Апаатка такаат” социалдык долбоорун ишке ашырып жаткан JIA ишкерлер ассоциациясынын Талас облусу боюнча 45тен ашуун мүчөлөрү бар.

 

Дярдаган: Кундуз Мырзалиева