«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Ишкерлер күзөттөгүлөргө ысык тамак жеткиришти

1 Апрель 2020 жыл 11:46
Көрүүлөрдүн саны: 86

Эл башына түшкөн кыйынчылык учурда көпчүлүк карантинде жаткан учурда күнү-түнү эл кызматында болуп блок посттордо күзөттө тургандарга ысык тамак уюштурууну Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев сунуштагандан көп өтпөй эле, Талас шаарындагы жеке ишкерлердин бири “Каныкей” чайханасынын ээси Асел Орозалиева күзөт кызматкерлерин ысык тамак менен сыйлады. Күндөп түндөп иштеп, ачка ток турган күзөттөгүлөр жеке ишкердин ысык тамагын жеп, ыраазычылык билдиришти. Мындай демилгени башка ишкерлер дагы улантат деген ойдобуз.


Даярдаган : Мира Сейдикеримова, Кундуз Мырзалиева