«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Жеке ишкерлердин демилгеси

31 Март 2020 жыл 12:38
Көрүүлөрдүн саны: 35

Талас шаарынын жеке ишкерлери Арзыкан Момунтаева, Айнура Орунбаева, Шамил Мурат Талас облусунун тургундары коронавирус илдетинен коргонушу үчүн бекер беткаптарды тигүү жана таратуу демилгесин көтөрүп чыгышты.
Бир жумадан бери Талас шаарындагы муниципалдык тигүү цехинде бет кап тигүү иши уланууда. Талас шаарындагы “Агро-Береке” соода түйүнүнүн негиздөөчүсү жеке ишкер Рамис Рыскулов, коомдук ишмер Арзыкан Момунтаева, бөйөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Айнура Орунбаева, Шамил Мурат жана башка ишкерлер Талас шаарынын жашоочуларына, студенттерге, базарда тамак-аш, азык-түлүк саткан ишкерлерге, милиция кызматкерлерине, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө иштеген адистерге жана “Тез жардам” бөлүмүнүн медицина кызматкерлерине бекер беткаптарды таратышты. Бул ишке кол кабыш кылгандардын бири Талас шаардык Кеңешинин төрагасы Адыл Жусупбеков.

— Биздин дүкөндө дары чачкыч идиштер жана клеёнкадан тигилген кийимдер бар. Дезинфекция жасайбыз дегендерге бекер беребиз, дейт Рамис Рыскулов.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова