«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

2019-жылы катталган кылмыштардын бетинин ачылы жөнүндө

20 Март 2020 жыл 12:08
Көрүүлөрдүн саны: 32

Сүрөт Интернет булагынан алынган

«2019-жылдын 12 айына Талас шаарынын ички иштер бөлүмүндө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри автоматташтырылган маалыматтык системасына жалпы 1879 арыз билдирүүлөр катталып, анын ичинен “Цор” билдирүүсүндө 5 арыз, маалыматтарды каттоо журналына 70 арыз бириктирилген, КЖБРге 132 арыз бириктирилген, номенклатуралык ишке 439 арыз чыгышталган, 159 арыз бузуулардын негизинде чара көрүү боюнча чыгышталган, КЖБРге 1081 сотко чейинки өндүрүш иштери катталган, анын ичинен 492 жазык өндүрүш иши, 583 жоруктар.
Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн сотко чейинки кылмыштар же жоруктар жөнүндө арыз билдирүүнүн кабыл алынышына, катталышына жана чечилишине системалык түрдө көзөмөл иретинде текшерүүлөр жүргүзүлүп келет.

Талас шаардык прокуратурасы боюнча:
Талас шаардык прокуратурасынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри автоматташтырылган маалыматтык системасына 2019-жылдын 12 айына карата 13 сотко чейинки өндүрүш иши катталып, караштуулугу боюнча өткөрүп берүү үчүн Талас облустук прокуратурасына жиберилген.

— Оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны 12 (27 анын ичинен 1 кылмышы өзгөчө оор, калганы оор кылмыштар) түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 15 ге азайган, 12 кылмыш тең оор кылмыштардын катарына кирип, бетинин ачылуу пайызы 100 % түзөт.


Сүрөт Интернет булагынан алынган

— Кылмыштардын бетинин ачылышы жалпы өндүрүштө болгон 548 сотко чейинки өндүрүш иштеринин ичинен 41 иш башка органга жиберилип, 22 иш жоруктарга өткөрүлгөн, калган 485 иштин 405 иштин бети ачылып 83,5% түзгөн.
— Жоруктардын бетинин ачылышы жалпы өндүрүштө болгон 623 жоруктар жөнүндө сотко чейинки өндүрүш иштеринин ичинен 100 иш башка органга жиберилип, 10 иш кылмыштарга өткөрүлгөн, калган 513 иштин 442 иштин бети ачылып 86,1% түзгөн.
— Кылмыштар: 2019-жылдын 12 айына Талас ШИИБнүн ТКнын өндүрүшүндө жалпы 548 сотко чейинки өндүрүш иштери болгон, анын ичинен 41 иш караштуулугу боюнча башка органга жиберилип, 22 иш жоруктарга өткөрүлгөн, 9 иш өндүрүштөн токтотулган, 19 иш башка иштерге бириктирилип, өндүрүштөн 354 иш кыскартылып, сотко 32 иш жиберилген, калдыкта 105 иш калган;
— Жоруктар: 2019-жылдын 12 айына Талас ШИИБнүн алгачкы текшерүү органдарынын өндүрүшүндө жалпы 623 жоруктар жөнүндө сотко чейинки өндүрүш иштери болгон, анын ичинен 100 иш караштуулугу боюнча башка органга жиберилип, 10 иш жоруктарга өткөрүлгөн, 2 иш өндүрүштөн токтотулган, 4 иш башка иштерге бириктирилип, өндүрүштөн 412 иш кыскартылып, сотко 26 иш жиберилген, калдыкта 79 иш калган»,- деп Талас шаарынын прокурорунун орун басары Азамат Сыдыков маалымат менен бөлүштү.

Даярдаган: Копенко Валерия