«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Коронавируска каршы иш чаралар күчүндө

13 Март 2020 жыл 11:49
Көрүүлөрдүн саны: 29


Сүрөт Интернет булагынан алынган

Кытайда киийнки күндөрү коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны басаъдай баштаганы ММКларда жазылууда. Андан айыккандардын саны да арбып баратат. Ошондой эле болсун. Коронавирус жайылган өлкөлөрдө бул оор кеселге каршы катуу күрөш жүрүп жатат.
Республикабызда коронавирус инфекциясын алдын алып, анын республикабыздын аймагына киришине бөгөт коюу боюнча бардык зарыл иш чаралар көрүлүүдө. Бул максатта республикабызда дагы бир штаб түзүлүп иштеп жатат.
КР Өкмөтү коронавируска каршы иш-чараларга 30 миллион сом бөлгөндүгү маалым болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлүнүн билдиргенине караганда, коронавирусту алдын алуу иш чараларына учурда 500 медициналык кызматкерлер тартылган.
Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы биргелешкен ооруканасынын жугуштуу оорууларды дарылоо бөлүмү короновирус илдеттин жуктургандарды дарылоо жана илдеттин алдын алу максатында атайын бөлмөлөрдү даярдап, баардык шарттарды камсыздап жана дары-дармектер менен толугу менен жабдылган.
Учурда Талас-тараз чекарасында кирип-чыккан жолоочуларды тепловизор менен текшерип, илдеттин алдын алуу иши кызуу жүргүзүлүүдө.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова, Кундуз Мырзалиева