«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Балдарды зордук-зомбулуктан коргоого коомчулук көңүл буруусу керек

13 Март 2020 жыл 11:40
Көрүүлөрдүн саны: 23

Кыргызстанда зордук зомбулуктан улам балдардын өлүмгө дуушар болуп жатканы учурдагы курч көйгөйлөрдүн бири. Балдарга карата зордук зомбулуктун, ырайымсыз мамиле жасоонун алдын алуу боюнча түзүлгөн Талас райондук штабдын курамы жаңыланып, иш-чаралар планы кайра иштелип чыкты.


Cүрөт Интернет булагындан алынган

Айыл өкмөт башчылары ар бир айыл аймагында түзүлгөн штабдардын ишин жандандырып, натыйжада, ата-энеси жок жана эмгек мигранттарынын балдары жөнүндө бирдиктүү маалымат базасы такталууда. Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылып, зордук-зомбулуктун белгилери байкалган учурларда алдын алуу иш-чараларды күчөтүү ишин ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан катуу көзөмөлгө алынат.


Cүрөт Интернет булагындан алынган

Учурда коргоого муктаж болгон бардык балдардын тизмелери такталып, үймө үй кыдырган адистер атайын бекитилген формада бирдиктүү электрондук маалымат базасын түзүп, улам жаңыртып жатышат. Анда томолой жетимдер, жарым жетимдер, асырап алынган балдар, аз камсыз көп балалуу үй-бүлөнүн балдары, эмгек мигранттарынын балдары катталган. Маалымат базасына кирген балдардын ден-соолугуна, жашоо шартына көзөмөл жүргүзүлүп, мекемелерге, коомдук жайларга, балдар укуктарын коргоо боюнча ишеним телефондору уюштурулгандыгы тууралуу билдирүүлөр илинди.
Үстүбүздөгү жыл ичинде балдардын коопсуздугу тууралуу жана аларга карата ырайымсыз мамилелердин алдын алуу боюнча ата-энелер арасында кеңеш берүү, аңгемелешүүлөрдү өткөрүү иштери күчөтүлөт. Бул ишке бейөкмөт жана коомдук уюмдар дагы тартылат, ошондой эле зордук зомбулукка кабылган балдарды реабилитациялоо жана балдардын абалы турукташтырылганга чейин убактылуу жайгаштыруу, социалдык коштоону уюштуруу иштерине айрыкча көңүл бурулмакчы.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова