«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө багыт

13 Март 2020 жыл 11:45
Көрүүлөрдүн саны: 30


Сүрөт Интернет булагындан алынган

Премьер- министр М. Абылгазиев «Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоорун жүзөгө ашыруу тууралуу Өкмөттүн токтомуна кол койду. Бул долбоор айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган. Анын негизинде жылда он миъден ашык жарандар жеъилдетилген насыяларды алып, өндүрүшүн өркүндөтүп жатышат. Бул жолу малдын асыл тукумдуулугун жогорулатууга, үрөн чарбаларынын өндүрүшүн жакшыртууга өзгөчө көъүл бурулат.
«Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоорун ишке ашырууга 1 милрд 250 млн сом каралган. Бул каражаттар чакан жана ири айыл чарба өндүрүшүн, ошондой эле кайра иштетүүчү өнөр өнөр жайын каржылоого каралган. Насыя алуучулар үчүн пайыздык чен:
чакан айыл чарба өндүрүшү үчүн, анын ичинен жеке жактарга «ФСХ-фермер» категориясы боюнча 10%;
ири айыл чарба өндүрүшү үчүн 8%;
тамак аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн 6%.
«Элет өнүксө- өлкө өнүгөт». Өкмөттүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө көргөн камылгасы, айыл өндүрүшчүлөрүнүн ишин илгерилетип, жалпы эле экономиканын жогорулашына шарт түзөт.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова, Кундуз Мырзалиева