«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Жаратылышты коргоочулар сыйлык алышты

5 Март 2020 жыл 13:22
Көрүүлөрдүн саны: 84


Дүйнөлүк жапайы жаратылышты коргоо күнү 3-мартта Бишкек шаарында мамлекеттик жаратылышты коргоо жана токой чарба агенттиги менен “Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan” Илбирсти коргоо коомдук фонду биргеликте егерлер жана жарандарга VI сыйлык тапшыруу аземин уюштурду. Салтанаттуу аземге Жогорку Кеңештин депутаты Б.Турусбеков, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет катышты. Бул жолку VI сыйлык тапшыруу аземинде республика боюнча 18 киши сыйланды.

Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Талас өкүлчүлүгүнүн алдыңкы кызматкерлери Талас районунун аңчы инспектору Анарбек Кутманов, Талас районунун егерлери Достукбек Давлетказиев, Кайназар Бекмуратов, Бакай-Ата районунун егери Чынарбек Сатыбалдиев, Кара-Буура районунун егери Медетбек Джаманкулов,ошондой эле Талас региондор аралык мамэкотехинспекция башкармалыгынын улук инспектору Айбек Омуралиев, инспектор Замир уулу Сабитахунга “Ыраазычылык кат” жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.


“Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan” коомдук фонду “Корукчу-жаран” жаратылышты коргоо программасынын алкагында “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында мыйзамсыз аңчылыкты токтотууга жардам бер дагы сыйлык ал!” долбоорун ишке ашырууда.

Жылына бир жолу Ак илбирсти коргоо фонду, Мамлекеттик жаратылышты коргоо жана токой чарба агенттиги менен биргеликте дүйнөлүк жапайы жаратылышты коргоо күнү 3-мартта же Ак илбирсти коргоо күнү 23-октябрда атайын кече уюштуруп, жыл ичинде катталган мыйзамсыз аңчылык учурлары белгиленип, окуяны каттаган корукчу, жаран же топторго акчалай сыйлык, сертификаттарды ыйгарат.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова