«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Жаш өспүрүмдөрдүн эмансипациясы

27 Февраль 2020 жыл 13:56
Көрүүлөрдүн саны: 64


Сүрөт Интернет булагынан алынган

Өмүр бою адамдын жана мыйзамдын өз ара мамилелешүүсү өзүнүн жашаган мамлекетинин Конституциясы жана мыйзам актылары менен белгиленет. Жарандын укуктук өз алдынчалыгы бойго жеткен учурда пайда болот. Бойго жеткендик — бул жарандын курагы, башкача айтканда он сегиз жашка толгондо мыйзамга ылайык адамдын өз аракеттери менен граждандык укукка ээ болуу жана аны жүзөгө ашыруу, өзүнө граждандык милдеттерди алуу жана аларды аткаруу жөндөмдүүлүгү (граждандык аракетке жөндөмдүүлүк) аракетке жөндөмдүүлүгү пайда болот. Адамдын бойго жеткен курагы замандан заманга өзгөрүлүп келип, жана ар убакытта эркектерге жана аялдарга бирдей болгон эмес. Мисалы, орто кылымдык Европада нике курагы эркектер үчүн 14 жашында, аялдар үчүн 12 жашка толгондо пайда болчу. Бүгүнкү күндө жашка жеткендик курагы кайсы бир мамлекетке жараша айырмаланат.
Балдар жөнүндө Конвенцияга ылайык, 18-жашка толгон адам,жашы жеткен деп эсептелинип, бала катары эсептелинбей калат. Постсоветтик өлкөлөрдө жалпы эрежелерге ылайыкграждандын аракетке жөндөмдүүлүгү 18-жашка толгондо пайда болот. Ошондой эле, Австралия, Жаңы Зеландия, Европанын көбүнчө өлкөлөрүндө, Туркия, Израиль, Венесуэла, Перу, Чили, Канаданын үч провинциясында (Калгандарында 19-жашка толгондо), Мексика, Түштүк Африка жана АКШнын көбүнчө штаттарында жаран 18-жашка толгондо жашы жеткен болуп эсептелинет.
Бирок, кээ бир өлкөлөрдө жашы жеткендик 18-жашка чейин пайда болот: Гренландия – 12-жаш, Фарер аралдары – 14, Куба – 16, КЭДР – 17, же 18-жаштан кийин, мисалы, 19,20 же 21-жашта. Ошондой эле, Түштүк Кореяда – 19 жаш, а Тунис жана Жапонияда жарандарды 20-жашынан кийин жашка жеткен деп эсептелине баштайт. АКШда 21-жаш курагына толгондо Америкалыктар коомдун толук мүчөсү болуп саналат. Ошол учурдан баштап, полицияда кызмат кылып, шайлоодо шайлоо укугу пайда болот. Бирок, 25-жаш куракка толгондо гана Конгресске шайланганга укуктуу боло алышат, жана 35-жаш курагынан баштап Президентке шайлануу укугу пайда болот.
21-жаштан баштап Бахрейн, Гвинея, Египет, Мадагаскар, Монако, Сингапур мамлекеттердин жарандары аракетке жөндөмдүү деп тааныла баштайт.
Эл аралык укуктарга ылайык адамдын аракетке жөндөмдүүлүгү, гражданы болуп эсептелген өлкөнүн укугу жеке мыйзамы болуп саналат, ошондуктан 16-жаш курагындагы Кубанын жараны кайсы болбосун дүйнөнүн өлкөсүндө жашы жеткен деп эсептелиниш керек, ал адам жүргөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык аракетке жөндөмдүүлүк 18-21 жашка толгондо пайда болот деп көрсөтүлгөнүнө карабастан.
Кыргыз Реcпубликасынын Граждандык кодексинин 56-беренесине ылайык “граждандын өз аракеттери менен граждандык укукка ээ болуу жана аны жүзөгө ашыруу, өзүнө граждандык милдеттерди алуу жана аларды аткаруу жөндөмдүүлүгү (граждандык аракетке жөндөмдүүлүк) жашы жеткенде, башкача айтканда он сегиз жашка толгондо пайда болот” – деп көрсөтүлгөн. Жашка толгондук жана аракетке жөндөмдүүлүк, адам өз өлкөсүнүн жарандыгынан чыккан укугун жана милдеттерин алгандыгын билдирет.
Ушул эле учурда, Граждандык Кодекстин 61-беренесинде он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете электердин аракетке жөндөмдүүлүгү жөнүндө жалпы жоболор формулировкаланган, аларга тиешелүү:
“ 1. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете электер ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка бүтүмдөрдө өздөрүнүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн — ата-энелеринин, асырап алгандардын же камкордукка алган адамдардын кат жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзөт.
Жашы жете элек мындай балдар тарабынан түзүлгөн бүтүмдөр кийин анын ата-энелери, асырап алган же камкордукка адамдар кат жүзүндө жактырганда да жарактуу болуп саналат.
2. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете элек балдар ата-энелеринин, асырап алган же камкордукка алган адамдардын макулдугусуз өз алдынча: 1) өзүнүн тапкан акысын, стипендиясын жана башка кирешелерин тескөөгө; 2) илимий, адабий же көркөм өнөр, көркөм сүрөт же өзүнүн интеллектуалдык ишмердигинин мыйзам менен корголуучу натыйжаларына автордук укугун жүзөгө ашырууга; 3) мыйзамга ылайык кредиттик мекемелерге салым салып жана аны тескөөгө; 4) ушул Кодекстин 63-статьясынын 2-пунктунда каралган майда турмуш-тиричилик келишимдерин жана башка бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу.
3. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете элек балдар ушул статьянын 1- жана 2-пункттарына ылайык өздөрү түзгөн бүтүмдөр боюнча өз алдынча мүлктүк жоопкерчилик тартат. Өз аракеттери менен зыян келтиргендиги үчүн мындай жашы жете элек балдар ушул Кодекске ылайык жоопкерчилик тартат.
4. Мындай жашы жете элек бала (ушул Кодекстин 56-статьясынын 2-пунктуна жана 62-статьясына ылайык) толугу менен аракетке жөндөмдүү болгондон башка учурларда, жетиштүү негиз болсо сот ата-энесинин, асырап алган же камкордукка алган адамдардын же Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн өтүнүчү менен он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете элек балдардын өз эмгек акысын, стипендиясын же башка кирешелерин өз алдынча тескөө укугун чектеп же аны мындай укугунан ажыратышы мүмкүн.”
Ошентип, адам 14-жаштан 18-жашка чейин жашы жете элек статусунда турат, паспорту бар болот жана жарым-жартылай жазык жоопкерчиликке тартылууга жатат. Жашы жете элек кыз кош бойлуулукка байланыштуу жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары жашы жете элек кыздын өтүнүчү боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн комиссиялык корутундусунун негизинде нике курагын бир жылдан ашырбастан төмөндөтүп никеге турууга мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 62-беренесине ылайык “Эгерде он алты жашка толгон жашы жете элек бала эмгек келишими, анын ичинде контракт боюнча иштесе, же ата-энесинин, асырап алуучулардын же камкордукка алуучунун макулдугу менен ээлик кылуу ишин жүргүзсө, ал аракетке толук жөндөмдүү деп жарыяланышы мүмкүн. Жашы жете элек баланы аракетке толук жөндөмдүү (эмансипация) деп жарыялоо ата-энесинин экөөнүн тең, асырап алуучулардын же камкордукка алуучунун макулдугу менен же мындай макулдук болбогон учурда соттун чечими менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн чечими боюнча жүргүзүлөт. Эмансипацияланган жашы жете элек баланын милдеттенмелери, атап айтканда ага зыян келтирүүнүн кесепетинен келип чыккан милдеттенмелери боюнча анын ата-энеси, асырап алуучулар жана камкордукка алуучу жоопкерчиликте болбойт”.
Эмансипацияны алыш үчүн жашы жете элек бала өзү же адвокат аркылуу арыз менен кайрылып, эмансипацияга негиз болгон документтерди көрсөтүшү керек. Мамлекеттик кызматкер, көрсөтүлгөн документтерди текшерип чыгып, эмансипация үчүн документтерди даярдайт же жүйөөлүү баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Жашы жете элек жаран, анын жетишүү деңгээлине жооп берген жана анын кызыкчылыктарына каршы болбогон учурда гана эмансипацияланган болуп жарыяланат. Эреже катары, эмансипацияланганга тарбиялоочу мекемеде, балдар үйүндө, интернаттарда жашаган жашы жете элек балдар тийиш. Бирок бүгүнкү күндө жаштар өзгөрүүнүн булагы, консервативдик баалулуктарга каршы талкалоо аспабы.
Жашы жете элек жеке менчик ээсине толук аракетке жөндөмдүүлүккө эмансипация тартибинде уруксат берүү бул жалгыз гана “башкалардан айырмалуу ылдам өнүгүп жаткан ишкердикке сый көрсөтүү” эмес, ошончолук да биздин өлкөнүн жаңы экономикалык тартиптен жана адамдын биосоциалдык жаратылышынан келип чыккан уюштуруу-укуктук жөндөгүч.
Эмансипациянын маңызы он алты жашка толгон жашы жете элек бала эмгек келишими, анын ичинде контракт боюнча иштесе, же ата-энесинин, асырап алуучулардын же камкордукка алуучунун макулдугу менен ээлик кылуу ишин жүргүзүүсүнөн, ал аракетке толук жөндөмдүү деп жарыяланышынан түзүлөт. Жашы жете электин толук аракетке жөндөмдүү деп жарыялоо, анын соода жүгүртүү ишинде олуттуу түрдө граждандык-укуктук режимин өзгөртөт. Мындан ары ал өз алдынча каалаган бүтүмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүн, анын ата-энесинин макулдугу кандайдыр бир укуктук мааниси жок болот. Эмансипацияланган жашы жете элек баланын зыян келтирүүнүн кесепетинен келип чыккан милдеттенмелери боюнча анын мыйзамдуу өкүлдөрү жоопкерчиликте болбойт. Ал бир гана мыйзамда коюлган курак чек шарттарына ылайык субъективдик укуктарга жана милдеттерге ээ боло албайт.
Бүгүнкү күндө жашы жете электердин эмансипациясы массалык көрүнүш болуп саналбайт. Жашы жете электердин эмгек ишмердиги расмий чындыгында көрсөтүлбөйт. Ушул эле учурда, эмансипация институту, мисалы ээсинин өлүмүнө байланыштуу коркунучтун астында болуп калган чакан ишканаларга, майда бизнестин иштөөсүнө түрткү берүү максатында чакырылган. Ишкананын чарбалык байланыштарына, кирген милдеттердин аткаруусун талап кылуу укугун жана карыздарын белгилеш үчүн, жашы жете элек ээсинин атынан болсо дагы ишкананы жекелештирүү керек. Ошондой эле, ээсиз же жетекчисизкалган коммерциялык мекемелер жөнүндө айтсак болот. Эгерде мындан ары бизнес эмансипацияланган жашы жете электин жетекчилигинин астында өнүгүп өсүп кетсе, бул учурда эмансипация институту өз милдеттин ийгиликтүү түрдө аткарды деп эсептөөгө тийиш.
Эмансипация учурлары жаш өспүрүмдөрдүн никесин каттоодо көбүрөөк кездешет.
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине ылайык нике курагы он сегиз жаш деп белгиленет. Жүйөлүү себептер болгондо никеге турууну каалаган адамдардын жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары бул адамдардын өтүнүчү боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн комиссиялык корутундусунун негизинде эркектер жана аялдар үчүн нике курагын бир жылдан ашырбастан төмөндөтүүгө укуктуу.Өзгөчө жагдайлар болуп кош бойлуулук, бала төрөлгөндүгү, тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч туулгандыгы эсептелет.
Эмансипация процедурасын жүргүзүү үчүн негизги документтери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
• Жаш өспүрүмдүн кош бойлуулугу тууралуу тиешелүү врачтын аныктамасы;
• Жашы жете электи аракетке толук жөндөмдүү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү. Жаш өспүрүмдүн окуган же иштеген жеринен мүнөздөмө;
• Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын жашы жете электин үй-бүлөсүнүн жашоо шарттары жана материалдык абалы жөнүндө корутундусу;
• Башка документтер (арыздар, макулдуктар ж.б.)
Ырастоочу документтердин бар болгондугун, никеге турууга уруксат берилет деп, толук кепилдик катары эсептөөгө болбойт. Бул жагдай биринчи кезекте “жигиттин” курагы менен байланыштуу. Эгерде сексуалдык акт жаш өспүрүм менен өз ара макулдашуусу менен болсо да, айыпталуучунун кыймыл аракеттине артыкча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 164-беренеси менен баа берилет.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 164-беренесине ылайык он сегиз жаш куракка жеткен адам тарабынан билип туруп он алты жашка жете элек менен жасалган жыныстык катнашуусу, бачабаздыгы, лесбияндыгы же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттери кылмыштуу болуп саналат. Жашы жете элек кыздын жана жаш жигитин “сырдашуу” мамилелери эки жактуу чечим менен болгондугуна карабастан, эгерде жаш кыз (18-жаштан ылдый) кош бойлуу болуп калса, анда “жигит” жазык жоопкерчилигинин коркунуч астында болуп калышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 164-беренесинде көрсөтүлгөн кылмышты жасаган он сегиз жаш куракка жеткен адам IV-категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат, тактап айтканда — жети жыл алты айдан он жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.
Жашы жете электердин эмансипациясы закон чыгарууда оор процессинин бири болуп саналат.


Сүрөт Интернет булагынан алынган

Ошол себептен, ар бир адам жаштар менен жыныстык жашоону баштаардын алдында, жыныстык партнёр он алты жашка толгондугун ырастап алыш керек.
Жазык жоопкерчиликке тартылбаш үчүн, жазага тоскоол кылуучу бир катар чараларды жүзөгө ашырууга зарыл. Варианттардын бири — бул кош бойлуу кыздын, келечектеги баланын атасы менен никеге тууру жолу менен эмансипациялоосу.
Мыйзамдын бүт формалдуулугун колдонуу менен гана чоң көйгөйлөрдөн жана жазык иштен алдын ала кутулса болот”,- деп  Талас райондук прокурорунун орун басары Эркин Раев белгилеп кетти

Даярдаган : Мира Сейдикеримова, Кундуз Мырзалиева