«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

От менен ойногон балдар чыгашага себепкер

20 Февраль 2020 жыл 13:15
Көрүүлөрдүн саны: 33


Сүрөт Интернет булагындан алынган

Жаш балдардын от менен ойногонучоң чыгашага себепкер болууда. 2020-жылдын 1-февраль күнү Талас районунун Талды-Булак айылына караштуу Манас көчөсүнүн №7 дарегинде жайгашкан турак үйдүн жанында жыйылган түк чөп күйүп кеткен. Буга күнөөлүү бала ИсманбаевНурлис 2012-жылы туулган үй ээсинин небереси, өрт кырсыгынын себеби балдардын от менен ойноосунан келип чыккан, чыгымы 49802 сомду түзгөн. Ал эми өздүк курамдын аракети менен сакталып калган мүлктүн баасы 1500000 сомду түздү,- деп билдирдиТалас району боюнча ӨКБнүн ӨӨжАА бөлүмчөсүнүн башчысы майор М. Баялиев.


Өрт менен күрөшүүазыркы учурда мамлекеттик көйгөйлөрдүн бири. Өкүнүчтүүсү тилсиз жоодон жапа чеккен адамдардын саны жылдан жылга өсүүдө. Талас району боюнчаӨзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө 2020-жылдын 2-ай ичинде 2 өрт кырсыгы катталган, чыгымы 57548 сомду түзгөн. Катталган 2 өрт кырсыгынын1 өрт кырсыгы балдардын от менен ойноосунан келип чыккан.Ал эми өздүк курамдын аракети менен сакталып калган мүлктүн баасы 2500000 сомду түзгөн.


Өрт эмнеден чыгат? Анын чыгышынын мүнөздүү себептеринин бири балдардын от менен ойноосу жана шоктугу. Ата-энесиз үйдө балдар жалгыз калышканда чоңдорду туурап шереңке менен кагаз күйгүзүшөт, чылым тартышы да мүмкүн, албетте буга ата-энелери күнөлүү болуп эсептелет. Анткени алар шереңкени көрүнөөжерге таштап балдарын жалгыз калтырып кете беришет көбүнчө жаш балдар ата-энесинин жоктугунан пайдаланышып, үйдүн чатырында, жер төлөөдө ойногонду өтө жакшы көрүшөт. Өзгөчө жай, күз айларында тоют топтоо эгин чабуу убактарда өрт коопсуздугун сөзсүз эске алынышы керек, тилекке каршы бул эрежелер дайым эле сактала бербейт. Айрыкча, ата энелердин кайдыгерлигинен балдар өрт чыгарган учурлар көп кездешет.


Жаш өспүрүм балдардын от менен ойногонунун кесепетинен тонналаган чөптөр, үйлөр, сарайлар жана башка материалдык байлыктар көз ирмемдин ичинде күлгө айланып, жүз миңдеген, миллиондогон материалдык зыяндарды алып келип жатканы талашсыз.Күйүп кеткен материалдык байлыкты эч убакта толуктай албайбыз, эң башкысы өрт адам өмүрүнө коркунуч жараткан тилсиз жоо.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова