«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

“Гендердик теңчиликти жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтуу” боюнча Талас шаарында тегерек стол өткөрүлдү.

20 Февраль 2020 жыл 13:05
Көрүүлөрдүн саны: 79

Гендердик теңчилик — бактылуу үй-бүлө, өнүккөн коом

SAMSUNG CAMERA PICTURES

18-февраль күнү Талас шаарында “Гендердик теңчиликти жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтуу” долбоорунун координатору Айзада Калканбекова, жамааттык маалымдоо каражаттарынын Ассоциациясынын аткаруучу директору Назира Жусупова “Үй бүлөдөгү зордук-зомбулук менен күрөшүүдө ар бир адамдын катышуусу” аттуу тегерек стол уюштурушту. Тегерек столго Талас облусунун прокуратура, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин өкүлдөрү, айылдык кеңештердин депутаттары, жаштар жана аялдар кеңешинин мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери жана жарандык активисттер катышты.

SAMSUNG CAMERA PICTURES

Тегерек столдун модератору Зарина Туркманова алгачкы сөздү жамааттык маалымдоо каражаттарынын Ассоциациясынын аткаруучу директору Назира Жусуповага жана долбоордун координатору Айзада Калканбековага берди.
— Бул долбоордун мөөнөтү 2 жыл. Максаты жалпыга маалымдоо каражаттары, медиа коомчулук жана бардык кызыктар тараптардын өз ара иш-аракеттери аркылуу гендердик зомбулукту азайтуу жана Кыргызстанда аялдардын арасында алдыңкы үлгүнү жайылтуу. Долбоор БУУнун Демократиялык фонду тарабынан каржыланып, Кыргызстандагы жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясы тарабынан ишке ашырылууда. Долбоордун өнөктөшү “Демге-Дем” коомдук фонду,-деди Назира Жусупова.

SAMSUNG CAMERA PICTURES

— Долбоор Кыргызстандын 7 облусундагы эң алыскы, маалымат жетпеген айыл аймактарды камтыйт. Мисалы, Талас облусунан пилоттук эки айыл Нылды жана Бакай-Ата кыштагында, Талас шаарында “Радиомост” жамааттык үналгысында аялдардын катышуусу менен тренингдер, тегерек столдор өткөрүлгөн,- деп белгилеп өттү Айзада Калканбекова.
КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн адиси Бактыгүл Тагайматова, Талас шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн адиси Кадырбек кызы Каныкей жергиликтүү башкаруу бийлиги тарабынан дагы гендердик теңчилик маселесине олуттуу көңүл бурулуп жатканына токтолуп өтүштү.

SAMSUNG CAMERA PICTURES

“Кыргызстанда муундар аралык жана гендердик чектер алкагында коомчулуктардын гендердик зомбулукка каршы күрөшүү” долбоорунун Таластагы координатору Марина Эдигееванын GALS ыкмалары аркылуу үй-бүлөдө гендердик теңчиликти камсыздоо ыкмалары катышуучулардын кызыгуусун жаратты.
Коргоо ордери 3 күндүк мөөнөткө берилгени менен жабырлануучу зомбулук көрсөткөн адам менен бир үйдө жашаганы кооптуулукту жаратып, физикалык зомбулукка туш болгон аялдар психологиялык, сексуалдык зомбулукка да дуушар болушуп, депрессияга батып жатканы коомубуздагы көйгөйлүү маселелердин бири. Тилекке каршы, жабырлануучуларды мындай абалдан алып чыгуу оңой иш эмес, анын үстүнө кесипкөй психологдордун жоктугу жана жабырлангандар убактылуу баш калкалай турган жайдын жоктугу дагы олуттуу маселелердин бири.
Өткөн жылы Талас облусу боюнча 186 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук болгону расмий катталган. 135 физикалык, 51 психологиялык зомбулукка дуушар болгондордун 168и аял, 10 жаш өспүрүм, 8 эркек. Ал эми 2018-жылы 235 үй бүлөлүк зордук зомбулукка дуушар болгондор катталып, алардын 199 аял, 28 эркек, 8 жаш өспүрүмдөр болгон, 231 коргоо ордери берилген.
2020-жыл башынан бери 41 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук катталып, 41 коргоо ордери берилген.
Тегерек столдун иши жагымдуу нотада жыйынтыкталып, 2019-жылы “Гендер жана Медиа” сынагында мыкты макала жазып, байгеге ээ болгон “Талас байрагы” гезитинин техникалык редактору Суранчы Дүйшөнбаевге, аталган гезиттин Бакай-Ата району боюнча кабарчысы Жоомарт Бейшеналиевге жана “Аялзатын да барктай билсек” видеоматериалы менен сынакка катышкан Салыйка Сарыбаевага дипломдор тапшырылды.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова