«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Сактанганды Кудай сактайт

19 Февраль 2020 жыл 13:53
Көрүүлөрдүн саны: 51

Коронавирустун алдын алуу аракети

Дүйнө коомчулугуна коркунуч жараткан короновирус илдети бүгүнкү күндөгү кооптуу көйгөйлөрдүн бири. Кытайда жайылган жаңы типтеги вируска чалдыккандардын жана анын курмандыгы болгондордун саны күн санап көбөйүүдө. Короновирустан каза тапкандардын саны 1770ге жетип, ооруну жуктургандардын саны 7548ден ашуун, ал эми оорудан айыккандардын саны 1100ге жакын.

18-февралда VESTI.KG сайты Япониянын круиздик лайнеринде кыргызстандык жаран коронавирус жуктуруп алганын жарыялады. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул тууралуу кабардар экенин билдирди.
Ч.Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө короновирус илдетине чалдыккан бейтаптарды кабыл алуучу бөлмөлөр даяр.

SAMSUNG CAMERA PICTURES

— Негизинен биздин бөлүмдө 22 койка бар. Кокустан коронавирус дартына чалдыккан жарандар кайрыла турган болсо бул жерде дарыланып жаткан бардык бейтаптар терапия бөлүмүнө көчүрүлүп, бөлүм толугу менен изоляция болот. Бейтап сырттан кошумча эшик аркылуу киргизилип, аны жуунтуп тазаланткан соң дарылоо процедурасы башталат. Коронавирус илдетине чалдыккандар үчүн атайын кийим-кечектер, бет каптар, дем алдыруучу аппарат бар. Керектүү дары-дармектер менен жетиштүү камсыз болгонбуз, -деп билдирди аталган бөлүмдүн башчысы Рахат Тойлубаева.

SAMSUNG CAMERA PICTURES

Биргелешкен оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө баардык шарттар түзүлгөн. Бейтаптарга берилген тамак-аш палатага терезе аркылуу киргизилет. Ар бир палатада ысык-муздак суу чыгарылган жана сыртка өзүнчө чыга турган эшиктер бар. Абаны микробдордон тазалай турган “Кристалл” рециркуляторлору бөлүмдөгү ар бир палатада жана коридордо илинген. Палаталарда сигнализациялар иштейт, ошондой эле жалпы бөлүм Wi-Fi интернет байланышы менен камсыздалган.
Мындан тышкары жугуштуу оорулар бөлүмүндө жума сайын семинар окутуулар өткөрүлүп, дарыгерлер окуу-машыгуулардан жаңы маалыматтарды алышууда.

SAMSUNG CAMERA PICTURES

Кеселдин алдын алуу жана оорунун таралбашына жол бербөө аракеттери күчөтүлүп, Талас облусунун чек ара бөлүгүндө санитардык-карантиндик пункт ачылган. Казакстан аркылуу Кыргызстанга өткөн жарандардын арасынан дене табы жогорулап, ооруп тургандарды тепловизор аппаратына салып текшеришүүдө.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова.