«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Өрт кырсыгынан сактаналы!

13 Февраль 2020 жыл 12:52
Көрүүлөрдүн саны: 34

Сүрѳт Интернет булагындан алынган

Өрт менен күрөшүү азыркы учурдагы курч маселердин бири. Тилсиз жоонун кесепетинен каза болгондордун, жапа чеккен адамдардын саны жылдан жылга өсүп жатат. Материалдык жоготуулар да абдан көп.
Мисалы, Талас районунда катталган өрт кырсыктарынын бири, 2020-жылдын 1-январь күнү Талас районунун Таш-Арык айылынын Манас көчөсүндө жайгашкан №14турак жайынынашканасында болгон.Ашканадагы 3 м2 аянтында керме шыптагы курулуш жыгач, пластик материалдарыөрттөн жабыркаган.


Сүрѳт Интернет булагындан алынган

— Каргашалуу өрт кырсыктары кайталанбашы үчүн төмөндөгү эрежелерди сакташыбыз зарыл:
— от жагылуучу мештин жана мор түтүктөрүнүн тешилип же болбосо жарылып кеткен жерлери болсо, шыбап же бүтөп кою керек, мор түтүктөрүн ар бир эки ай сайын тазалап туруу зарыл;
— үй эмеректери же бөлөк буюмдар мештен же электр жылыткычынан 50 см. кем эмес алыс аралыкта жайгаштырылышы керек, мештин от жагылуучу тарабынан аянты 70х70 см. болгон темир калай төшөлүшү керек;
— колго жасалган ачык спиралдуу электр жылыткычтарды колдонууга тыйуу салынат.
— электр жылыткычын түнкүсүн сайып уктабаңыз жана кароосуз калтырбаңыз;
— электр жылыткычын үйдөгү эмеректерге, пардага жакын жайгаштырбаңыз;
— электр энергиясына ашыкча күч келтирүүдөн качыңыз-бир убакта бир нече электр жабдыгын сайбаныз;
— электр жылыткычтын ток өткөргүчүн килемдин, паластын астына жашырбаңыз. Ошондой эле анын үстүнөн оор эмерек же башка оор нерсе менен бастырбаңыз. Бул анын сурулуп, жукарып кетишине жеткирет;
— эл. розетканы, жылыткычтын розеткага сайылган жерин, вилкаларын текшерип туруңуз. Эгер аларда кичинекей эле бир кемчилик болсо, дароо оңдотуңуз. Ошол эле учурда вилкалардын розеткага толук киришин көзөмөлдөңүз, болбосо вилкалар эрип, розетка күйөт да, бул өрттүн чыгышына алып келет.
Жогоруда көрсөтүлгөн эрежелерге көңүл кош мамиле жасабай так аткарсак өрт кырсыгынан алыс болобуз,- деп маалымат берди Талас районубоюнчаӨКБнүн ӨӨ жана ААБнүн башчасы, майор М. Баялиев.
“Сактыкта кордук жок дегендей”, өрт кырсыгынын алдын алыш үчүн отту колдонууда, тамеки чегүүдө, электр жылыткыч жана башка жабдыктарын колдонууда сак болсок, мештерди жана анын морлорун убактысында оңдоо иштерин жүргүзсок каргашалуу орт кырсыгынан оолак болобуз.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова