«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Элдик жыйындар башталат

13 Февраль 2020 жыл 12:48
Көрүүлөрдүн саны: 67
 
Сүрѳт Интернет булагындан алынган

Үстүбүздөгү жылдын 17-февралынан тартып айыл аймактарда элдик жыйындар башталат. Элдик жыйындарга Талас районунун акими З.Сыдыков, орун басарлары жана райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, ошондой эле КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана орун басарлары, тийиштүү облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери катышып, айыл өкмөттөрүнүн 2019-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү багытында аткарылган иштери боюнча отчеттор тапшырылып жана 2020-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары тууралуу кеңири сөз козголот. Ошону менен катар жергиликтүү ар кандай көйгөй-маселелер ортого салынып, элдин сунуш-талаптары айтылат.

Көпүрө-Базар айылында 17-февраль күнү саат 10.30да Р.Айдаралиев атындагы орто мектебинде, ушул эле күнү саат 14.00до Талды-Булак айлындагы М. Туйтунов мектебинде КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары жана ӨКМ Талас облустук башкармалыгынын, Жол чарба департаменти ТО №3 аймактык бөлүмүнүн, Талас бассейиндик суу чарба башкармалыгынын жетекчилеринин катышуусу менен элдик жыйын өтөт.
18-февраль күнү, саат 10.00до Ак-Сай айлындагы Ж.Огомбаев атындагы маданият үйүндө, Кара-Суу айылында саат 13.00до А. Карыпкулов атындагы орто мектебинде, саат 15.30да Жергетал айыл өкмөтүнүн Байсеит уулу Эшмембет орто мектебинде элдик жыйындар уюштурулуп, айыл эли менен КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, ӨКМ Талас облустук башкармалыгы, усулдук билим берүү борборунун өкүлдөрү, жол чарба департаменти ТО №3 аймактык бөлүмү, Талас бассейиндик суу чарба башкармалыгынын жана облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери жолугушат.
19-февралда Калба айылдык аймагында саат 10.00дө, Долоно айылындагы маданият үйүндө саат 13.00дө, Нуржанов айыл өкмөтүндөгү Жон-Арык айылындагы маданият үйүндө саат 15.30да КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М. Мураталиев жана ӨКМ Талас облустук башкармалыгы, усулдук билим берүү борбору, жол чарба департаменти, ТО №3 аймактык бөлүмү жана Талас облустук бассейиндик суу чарба башкармалыгынын жетекчилери катышат. Эскерте кетсек, Долоно жана Нуржанов айыл аймагында болуучу жыйындарга облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери дагы катышат.


Сүрѳт Интернет булагындан алынган

20-февраль күнү, саат 10.30 Кууганды айылдык аймагында, К.Каимов орто мектебинде, саат 14.00до Арал айлындагы К.Нанаев орто мектебинде элдик жыйындар улантылып, КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Усулдук билим берүү борбору, жол чарба департаменти ТО №3 аймактык бөлүмү Талас бассейиндик суу чарба башкармалыгынын жетекчилери катышат. Ал эми Арал айыл аймагында өтө турган жыйынга облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси катышмакчы.
21-февралда элдик жыйын сапары Бердике баатыр айыл өкмөтүндө улантылып, саат 10.30да К.Нурбеков мектебинде КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М. Мураталиев жана ӨКМ Талас облустук башкармалыгы Усулдук билим берүү борбору, жол чарба департаменти ТО №3 аймактык бөлүмү, Талас бассейиндик суу чарба башкармалыгы, облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери менен айылдыктар жолугуша алышат.
Көй-Ой айылындагы маданият үйүндө 21-февралда саат 14.30да КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М. Мураталиев жана ӨКМ Талас облустук башкармалыгы Усулдук билим берүү борбору, жол чарба департаменти ТО №3 аймактык бөлүмү, Талас бассейиндик суу чарба башкармалыгынын жетекчиси элдик жыйынга катышат.
24-февралда Бекмолдо айыл өкмөтүндө Сасык-Булак айылындагы маданият үйүндө саат 10.30да КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу М. Мураталиев, ӨКМ Талас облустук башкармалыгы, усулдук билим берүү борбору, жол чарба департаменти ТО №3 аймактык бөлүмү, Талас бассейиндик суу чарба башкармалыгы жана облустук айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы башкармалыгынын жетекчилери элдик жыйынга катышып, айыл аймагынын жашоочуларынын суроолоруна жооп беришет.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова