«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Ѳрттү болтурбай кою ѳзүбүзгѳ байланыштуу

29 Январь 2020 жыл 13:27
Көрүүлөрдүн саны: 53

 Кырсык каш кабактын ортосунда дегендей, кокусунан чыккан ѳрт кырсыгынын үй жайлар, ѳмүр бою жыйнап чогулткан дүйнѳсү бир заматта күлгѳ айланып, а түгүл адам баласынын ѳмүрүнѳ жана ден соолугуна зыян келтирген учурлар жок эмес. Ѳрттүн чыккан себептери ар түрлүү болгону менен, негизги ѳзүбүздѳн  ѳрт  коопсуздугунун  эрежелерине  болгон кайдыгерлик мамилебизден болот.

Айта кетсек 2019-жылы 12-ай ичинде 211 ѳрт кырсыгы катталып, материалдык  чыгым  9 млн 633 миң 870 сомду түзгѳн.

Жогоруда кѳрсѳтүлгѳн ѳрт кырсыктарынан  1 адамдын ѳмүрү сакталып, 3 адам жаракат алып, алкогольдук ичимдиктин айынан 3 ѳрт чыккан.

Ѳрт кырсыктарынын  ѳлүмгѳ учуроонун  негизги себептери:

  • Электр жабдууларын пайдалануунун жүрүшүндѳгү ѳрт коопсуздугунун  эрежелерине  бузулушунан  47 ѳрт  (21,8 % )
  • Отко этиятсыз мамиле кылуудан 3 ѳрт (29,9%)
  • От жагылуучу печкаларды колдоонууда ѳрт коопсуздук эрежелердин сакталбагандыгынан 14 ѳрт ( 6,6 % )
  • Ѳспүрүм жаш балдардын от менен одоно ойносу 27 ѳрт (12,8%)
  • Жана башка ѳрттѳр 60 ѳрт (28,9 %)

Жогоруда фйтылып кеткен ѳрт кырсыктарынын кѳпчүлүгү жеке менчик турак жайлардан келип чыгууда. Катталган ѳрт кырсыктарынын кѳпчүлүгү тургундарыбыздын ѳрт  коопсуздугунун  эрежелерине кѳңүл бурбай кайдыгер  мамиле жасагандыгынан келип чыгууда.

Кырсык коркунучун алдын алуу үчүн шаардык жана райондук офицердик жана ѳздүк курам, жергиликтүү   айыл ѳкмѳттѳрдѳ, турак жай  үйлѳрдѳн  чыккан ѳрттѳр жѳнүндѳ мектерди жана түшүндүрүү  иштерин  жүргүзүшүп келүүдѳ.

Мындан ары мындай кѳрүнүчтѳргѳ жол бербѳѳ максатында, Талас облусунун ѳрттү алдын алуу офицердик курамынын негизи жумуштары бул

  • ѳрттү алдын ала эскертүү,ошондуктан ѳрттү болтурбоо жана андан ары сактануу үчүн, массалык  маалымат каражаттары аркылуу элибизге маалымат берилип, жергиликтүү калкыбызга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдѳ.

 

Даярдаган: Улар Тамабаев, Кундуз Мырзалиева