«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Карыларга кам көрүлүп, кайдыгерлик азаят

28 Январь 2020 жыл 13:42
Көрүүлөрдүн саны: 51

2019-2025-жылдарга Кыргыз  Өкмөтүнүн улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларына ылайык үстүбүздөгү жылы Талас районунда  ырайымсыз мамилеге жана зомбулукту болтурбоо үчүн “Ишеним телефону” уюштурулат. Ошондой эле документи жок  улгайган районубуздун тургундары өздүгүн тастыктаган документтер менен камсыздалат.

Улгайган жарандардын ден соолугун бекемдөө багытында сапаттуу медициналык кызматтар көрсөтүлүп, дарылоо диогностикалык жана баштапкы медициналык санитардык жардам кызматтары камтылат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бекитилген бюджеттик каражаттарынын бюджеттик жана бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен карыялардын байгерчиликте жашоосун камсыздоо максатында  социалдык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгү жогорулатылып, акы төлөнүүчү жана  жарым-жартылай акы төлөнүүчү социалдык кызматтар ишке киргизилмекчи. Жыл сайын 20-майда районубузда “Активдүү узак жашоо алтын мезгил” фестивалы өткөрүлүп, бул маданий программага айылдагы карыялар катышып, карылардын иш менен камсыз болуусу жана эс алуусу уюштурулат.

2020-жылы зарылчылыкка жараша жергиликтүү реаблитациялык борборлор түзүлүп, жалгый бой, аз камсыз улгайган жарандарды социалдык тейлөө кызматтарын жакшыртуу иши колго алынат.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова, Кундуз Мырзалиева

Сүрөт интернет булагынан алынган:

https://www.nazarnews.kg/posts/video-karylarga-zhardam