«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Күбөлүгү жок балдардын көйгөйү

28 Январь 2020 жыл 13:38
Көрүүлөрдүн саны: 56

Мигрант болуп  чет өлкөлөргө иштеп кеткен, же убагында паспорт албай калган ата-энелердин жоопкерчиликсиз мамилеси балдарына кедерги болуп, мектепке окуганга чейин күбөлүгү жок балдардын саны Талас району боюнча 73кө жеткен.

  • Негизи күбөлүк алуу үчүн энесинин паспорту жана бала туулганда берилүүчү медициналык №103 справка болсо болду, күбөлүк алса болот. Сиздер айылда жашаган элдерге туура маалымат жеткирип барыңыздар. Жаңы мыйзам кабыл алынды, 2020-жылдын январ айынан баштап ата-энелер балдарына бир ай аралыгында туулгандыгы тууралуу күбөлүк албаса 1000 сом айып пул төлөп калат, деп билдирди райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын орун басары А. Сапаралиев.

Бир ай аралыгында Талас райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан күбөлүгү жок балдар такталып, тиешелүү уюмдар ыкчам иш жүргүзүп, натыйжада  73 баланын 54ү күбөлүк алышты, калган 19 балага дагы жакында күбөлүктөрү берилет.

 

Даярдаган: Мира Сейдикеримова, Кундуз Мырзалиева

Сүрөт интернет булагынан алынган: