«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Дени сак  жашоонун демилгечилери

28 Январь 2020 жыл 13:30
Көрүүлөрдүн саны: 66

Дени сак жашоо заманбап жашообуздун маанилүү бир  бөлүгүнө айланды .  

Туура тамактануу, дени сак жашоо заманбап жашообуздун маанилүү бир  бөлүгүнө айланды . Себеби, туура эмес тамактануу жана кыймылсыз жашоонун кесепетинен улам  гипертония, кант диабети, залалдуу шишик-онко ооруулары көбөйүп баратат.

“Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып,  Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин колдоосу менен ишке ашып жатат. Аталган долбоор менен Айылдык ден соолук комитеттери (АДК)  2018-жылдан тартып иштей башташкан.

Учурда долбордун алкагында кандай иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу Талас районунун Үй бүлөлүк медицина борборунун Ден соолукту чыңдоо бөлмөсүнүн адиси  Магира Кутушбекова кеңири айтып берди.

  • Эл арасында көп кездешкен жугуштуу эмес оорууларга төмөнкү оорулар кирет:
  1. Гипертония (жүрөк, кан тамыр илдети жана кан басымынын жогору болушу).
  2. Кант диабети.
  3. Онко ооруулары.
  4. Дем алуу органдарынын ооруулары. Акыркы жылдарда өзгөчө бронхит дартынан жабыркагандар көбөйүүдө.

Жогоруда айтылган жугуштуу эмес ооруулардын пайда болушуна бир нече тобокел факторлор таасирин тийгизет. Ошол факторлордун эң негизгиси 4 тобокел фактору:

  1. Туура эмес тамактануу; Ар бир адам кантты, тузду аз колдонушу керек, туздун бир суткалык дозасы 5 грамм, кант 50 грамм (10 кичинекей чай кашык). Ошондой эле кайра иштетилген транс-майлар (маргарин, “Щедрое лето” сыяктуу майлар, боорсок бышырган майга кайра тамак жасоо) организмге өтө зыяндуу.
  2. Кыймыл аракеттин аздыгы. 18 жаштан 60 жаш курактагы ар бир адам күнүнө токтолбостон 30 мүнөт машыгып, гимнастика жасап же бийлеши керек. Мисалы “Кара жорго” бийи ар бир дене мүчөсү кыймылда болуусуна түрткү берет. Жумасында бир жолу  жогорку интенсивдүү ылдамдыкта 60 мүнөт  күч-кубатты көп сарптай турган машыгуу — ат чабуу, сууга сүзүү, чуркоо, велосипед тебүү абдан жакшы.
  3. Тамеки чегүү, клей жыттоо, кальян чегүү, электрондук тамеки, аялдардын тамекиси.
  4. Спирттик ичимдиктерин көп колдонуу мындан тышкары энергетикалык ичимдиктер.

Мына ушул факторлор  жугуштуу эмес оорууларга алып келет, муну ар бирибиз билип, алыс болууга аракет кылышыбыз керек.

  • АДК мүчөлөрү тарабынан кандай иштер жасалууда?
  • Бул долбоор башталганга чейин эле АДКнын мүчөлөрү өздөрү жашаган айылдардагы  жашы 18 жаштан жогорку адамдардын кан басымын электрондук аппаратын жардамы менен өлчөп, керектүү маалыматтарды берип келишкен, бир топ долбоорлорду ишке ашырышкан. Азыркы учурда кыймыл-аракети күчөтүү, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо, спорт менен машыгуу абдан актуалдуу болуп жатат. Адам көп кыймылдаса  кан айлануу нормалдуу болуп, жүрөк жакшы иштеп,  организм жашарып,  ден соолуктун чың болуусуна шарт түзүлөт. 

АДКлардын демилгеси менен 2019-жылдын декабрь айында жугуштуу эмес ооруулардын алдын алуу жана физикалык активдүүлүктү жогорулатуу максатында  жашы 35тен 55 жашка чейинки  аялдар жана эркектер арасында “Кыймыл аракет жүрөккө күч берет” деген ураандын алдында спорттук мелдеш уюштурулду. Мелдешке Ү.Өмүралиев, Арал, Жергетал, Кара-Суу айыл өкмөттөрүнөн 8 команда катышты. Мелдештин катушуучуларына райондук ден соолук комитетинин фондунан “Мактоо баракчалар” тапшырылып, ысык тамак берилип, жол кирелери каржыланды. Айыл өкмөттөрү алдыңкы оюнчуларга  акчалай сыйлык жана кубок тапшырышты. Мындай мелдештер 2020-жылы ар бир айылда уюштурулат.

 

Даярдаган: Мира Сейдикеримова