«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Жардамга муктаждар жаныбызда

23 Январь 2020 жыл 12:56
Көрүүлөрдүн саны: 113

Жардамга муктаж болгон үй-бүлө.

Кундуз Дүйшөбаева 1986-жылы Нылды айлында туулган. Бир кезде беш туугандын кенжеси, ата-энесинин эрке кызы болгон Кундуз орто мектепти аяктаган соң шарт жоктугуна байланыштуу эч бир окуу жайга тапшыра алган эмес.  20 жашында Покровкалык Тимур аттуу өзүнөн беш жаш улуу жигитке баш кошуп, 4 уулдуу болушкан.

Жетим, бир туугандарыда жок Тимур менен жашоонун өйдө төмөнүнө чыдап, Казакстандын Ак-Төбө, Кызыл Орда облустарында иштешкен. Бирок, күнүмдүк тамак-ашы, кийим-кечектеринен тышкары жарытылуу киреше таба алышпаган жубайлар кайрадан Покровкага келишет.

Тимур ар кандай жумуштарга жалданып иштеп, Кундуз балдарын багып үй тиричилиги менен алпурушуп, айтор  турмуш өз нугу менен айлана берди. Жан багуунун айласы аргасын кетирген жубайлар балдарын алышып Талас шаарына көчүп келишет. Айылда жумуш жок шаардан иш табылабы деген үмүт менен келген жубайларга  Таластан деле ылайыктуу иш чыкпай, Тимур ар кимге жалданып иштеп калат.

  • Төртүнчү балам төрөлүп, катуу илдетке чалдыгып кыйналып турганымда Тимур бизди таштап башка аялдын үйүнө кирип кетти. Башка түшсө баарына көнөт экенсиң, 2016-жылы  февралдын 22синде Покровкага балдарымды алып көчүп кеттим. Айыл өкмөткө кайрылдым, алар мени ар кандай гумжардамдарга жазып жардам беришти. Катуу ооруй баштадым, айыл  өкмөтү сүйлөшүп, Покровканын ооруканасына  жатсам мага “миниунсульт” деген диогноз коюшкан.Акчанын жоктугунан  доктур жазып берген дарыларды да ала алган жокмун.Бир капталым иштебей, башым катуу ооруп,  Бишкекке больницага барайын десем акчам жок аябай кыйналдым

2017-жылы Бишкекке барып доктурга көрүнсөм  “Тез арада операция кылыш керек” дешти. Ошентип акча жоктун азабынан 2018-жылы 9-январда гана  операцияга бардым. Ооруканада бир ай жаттым. Ооруканадан чыккандан кийин мырдагыга караганда кыйла жакшымын. Бирок, оор жумушка жарабайм, күн ысыкка чыдай албайм. Өкмөттөн майыптыгыма байланыштуу  жөлөк пул чегерип беришкен. Жолдошум алимент төлөбөйт, “Эгер алимент алсаң анда  балдарыңа пособие албайсың” дешкенинен алиментти төлөбөй убара кылат го деп, сотко деле кайрылган жокмун. Сот аркылуу мыйзамдуу ажырашканбыз. Бул көйгөйдү айтып шартым жок болгондуктан эч кимге деле кайрыла алган жокмун.

  • Мындай оор илдетке чалдыкканыңа эмне себеп болду?

Доктурлар “удар алгандан улам  кара кушка байланышкан желкедеги сөөк омурткасы сынып кеткен” дешти. Убагында билбей жүрө берипмин. Жолдошум көтөрүп жерге чаап эле сабай берчү. Ошонун кесепетинен улам ушундай оор дартка чалдыккан экенмин.Операция болгондон кийин 2018-жылы Таластагы чоң ооруканага 10 күн жатып дарылангам. Быйыл деле келип дарылансам дейм, бирок, айланып келип баары акчага такалат экен. Акчабыз аз болгондуктан бирине тартсам экинчисине жетпейт.

  • Азыр эми жашооң кандай?
  • Учурда Покровка айлындагы Керим аке көчөсүнүн чет жагындагы эски кырманда жашайм. Эки бөлмөлүү эски үйдө төрт балам менен жашоо оор. Өзүм иштей албайм. Балдарыма пособие, өзүмө майыптыгыма байланыштуу пособие алып, ошону менен жан сактайбыз. Кудайга шүгүр, “элдүү түлкү ачка өлбөйт” дегендей жергиликтүү эл, мени тааанып билгендер  жардам беришип, эски кийим-кечек, ун, май, чай тамак-аш алып келип берип турушат. Алардын баарына аябай ыраазымын.
  • Айыл- өкмөт, акимчилик тараптан жардам ала алдыңбы?
  • Кез-кезде гумжардамдарды берип турушат. Айыл өкмөттүн мага берген эң чоң жардамы 30 сотых участок берген. Шарт жок үй  салалбай жатам. Мага үй  салганга жардам беришсе деп кудайдан тилеп келем.
  • Каралашаар бир туугандарың барбы?
  • Агаларым өз турмуштары менен, алардын деле турак үйлөрү жок батирлеп жүрүшөт. 1982-жылкы Мундуз деген агам  оорукчалдыгына байланыштуу Бакай-Ата айлындагы  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын интернатында   башпаанектеп турчу эле. Учурда оорусу катуулап, азыр менин колумда. Өз алдынча тура албай калды.

Балдарым тууралуу айтсам, улуу балам Айдар  быйыл 6-класска көчтү, экинчи уулум Адилет 3-класс, Ариет балам  быйыл 1-класска барды, кенже уулум Бакыт 3төн ашты. Балдарым кудайга шүгүр кол арага жарап, мага жардамчы болуп калышты.  Кундуз менен балдары, төшөктөн тура албай жаткан агасы Мундуз  жашап жаткан эски кырмандын эки бөлмөсү абдан суук экен. Отун жок болгондуктан мешке эски-уску кийимдерди жагып, үйдү жылытууга аракет кылып жаткан оорукчан келиндин абалы аянычтуу.

 

Даярдаган: Мира СЕЙДИКЕРИМОВА, Кундуз МЫРЗАЛИЕВА