Кыргызстанда эл жана турак-жай фондун каттоо 2020-жылдын 23-мартында башталат.
Белгилей кетсек, эл каттоо — Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу менен 10 жыл сайын дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлө турган изилдөөлөр. Статистика — мамлекеттик негизги документ болуп саналат, анткени бардык тармакта статистикага таянып иш жүргүзөбүз.
Талас райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн эл жана турак жай фондунун каттоо секторунун башкы адиси Айнура Кыдыргычова учурда эл каттоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп өттү:
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-январындагы №23 мыйзамына ылайык районубузда каттоо иштери жүргүзүлөт. Бул даярдыктар негизинен Кыргыз Республикасынын 2020-жылы “Эл жана турак жай фондун каттоо “ жөнүндө даярдык көрүү жана аткарууга карата иш алып баруу болуп саналат. Буга карата 2017-жылдын 23-октябрында № 690 токтомдун негизинде атайын иш чаралар иштелип чыгып, аткарыла баштады десек жаңылышпайбыз. Учурда районубузда кабыл алынган иш-чаралар жана атайын түзүлгөн календардык пландын негизинде каттоо иштерине карата иштер жүргүзүлүп жатат.
Айыл өкмөттөрдө эл каттоого карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Район боюнча 16 банерлер жасалып илинди. Даректик чарбаны ирээтке келтирүү боюнча иштер аяктады.
Жалпы район боюнча 352 көчө жана 13052 турак жай бар. Көчөлөргө жана үйлөргө табличкаларды коюу иштери 100% бүткөрүлдү.
Талас району боюнча бүгүнкү күнгө 6 перепистик бөлүм, 30 инструктордук участок жана 273 эсептөө участоктору түзүлдү.
Бүгүнкү күндө координатор, инструктор жана каттоочуларды окутууга даярдыктар көрүлүүдө. Окуулар февраль айынын акыркы жумасынан баштап, 3 тайпага бөлүнүп окутулуп башталат.
Даярдаган: Мира СЕЙДИКЕРИМОВА, Кундуз МЫРЗАЛИЕВА