«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Айылдыктар Skipe аркылуу акимге, мекеме-уюмдардын жетекчилерине суроо-талаптарын айтышат

23 Январь 2020 жыл 12:10
Көрүүлөрдүн саны: 48

Эл менен аткаруу бийлигинин алакасын күчөтүү максатында Skipe байланышына кошулуу менен  онлайн баарлашуулары уюштурулду

Талас районунда эл менен аткаруу бийлигинин алакасын күчөтүү максатында Skipe байланышына кошулуу менен  онлайн баарлашуулары уюштурулуп, натыйжада айылдыктарды түйшөлткөн көпчүлүк маселелер жеринде убакыттан уттурбай ыкчам чечиле баштайт.

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылы 21-октябрда № 224 буйругу  чыккан. Анын негизинде жергиликтүү маселелерди чечүүнү жеңилдетүү, мекеме-уюмдардын жана айыл өкмөттөрүнүн иш алып баруусундагы оперативдүүлүктү күчөтүү, айыл аймактарындагы маселелерди жеринде көзөмөлдөө максатындаSkipe байланыш программасына кошулуу жана конференциялык байланышты үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн ар бир мекемеде жана айыл өкмөттөрүндө бир кызматкер милдеттендирилген.

Конференциялык байланышты жүргүзүү эрежелерин камтыган жобо жана мекеме, уюмдардын, айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери райондун жашоочулары менен конференциялык байланышта болуу графиги бекитилди.

Эми айыл өкмөттөрү жана мекеме, уюмдар 2020-жылдын бюджетинин эсебинен жалпы окууларды жана жыйындарды уюштуруу үчүн атайын кабинеттерди, чоң экрандуу телевизорлорду, микрофондорду жана керектүү жабдыктарды камсыз кылышат.

 

 

Даярдаган: Мира СЕЙДИКЕРИМОВА